Бишкекте троллейбустар толугу менен токтотулду
Бишкекте 26-октябрда троллейбустар толугу менен бир күн бою токтотулду. Бул туралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай чара 26-27-октябрга чейин Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жаткандыгына байланыштуу.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.