Бишкектин мэри жер ээлерине кызыл китептерди массалык түрдө берүүнү тапшырды

Бишкектин мэри жер ээлерине кызыл китептерди массалык түрдө берүүнү тапшырды
Photo by vigor poodo / Unsplash

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жер мунапысын ишке ашыруу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун кеңешмесинде катышты. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жыйында Эмилбек Абдыкадыров президенттин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында буга чейин мыйзамсыз делинип келген, бирок ошол жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан баардык жарандардын жер тилкелерин тезинен мыйзамдаштырылып, алар жер укугуна ээ болуулары керектигин баса белгиледи.

«Бул багыттагы иштер «карап жатабыз» деген куру сөз менен созулуп кетип жатат. Эгер башкы план шылтоо болуп, анда башка жолдорун карай турган болсок анда мунапыстын деле кереги жок эле.
Мунапыс, мына ошол элдердин мыйзамдуу жер укугуна ээ болуусу үчүн чыгарылып жатат. Салынган үйлөрдү буза албайбыз. Башкы планга шылтабай, кандай болсо ошондой жолу менен карап туруп, элдерди кыйнабай маселени чечип, кызыл китептерин берип, анан башкы планды бир жылбы, эки жылбы жасай берсек болбойбу?» - деди мэр.

Жыйын соңунда төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча орун басары, Бишкек шаарынын администрациялык райондорунун башчылары, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын начальниги, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директору менен биргеликте белгиленген тартипте министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык жер мунапысын жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнү, прокуратура тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама келип түшкөндө ведомстволор аралык жумушчу топту өз убагында маалымдалышын, талаштуу жер участокторун аныктап, чечүү маселесин карап чыгып, жыйынтыгы менен жер участокторду мыйзамдаштыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү, президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы жерге мунапыс берүү боюнча комиссияга министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы "Жерге мунапыс берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык аткаруу үчүн тоскоолдуктарга жол бербөө жөнүндө укук коргоо органдарына кат жөнөтүү чечимдерин кабыл алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын