Баш калаанын эки конушунда суу бир күнгө өчүрүлөт
2023-жылдын 31-октябрында Бишкектин эки конушунда суу бир күнгө өчүрүлөт. Бул туралуу мэрия билдирди.
Такталгандай, өчүрүү аймагы:
· «Мурас Ордо» конушу саат 9:00дөн 20:00гө чейин;
· «Калыс Ордо» конушу саат 9:00дөн 15:00гө чейин.
«Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу токтотулат:
«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.