Кепилдик фонд 100-чү кыргызстандыкка баштапкы төлөмү жок ипотека алууга жардам берди

Кепилдик фонд 100-чү кыргызстандыкка баштапкы төлөмү жок ипотека алууга жардам берди

Ысык-Көл облусунун тургуну «Кепилдик фонд» ААК, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана «РСК Банк» ААК ортосунда түзүлгөн аймактардын жашоочулары үчүн ипотекалык кепилдиктерди берүү келишиминин негизинде кыймылсыз мүлктү баштапкы төлөмсүз сатып алган 100-мүлктүн ээси болду.

Фонд билдиргендей, быйылкы жылы республиканын аймактарынын жашоочуларына 100 ипотекалык кепилдик берилип, анын аркасында өлкөнүн 100 тургуну баштапкы төлөмдү төлөбөстөн турак-жай маселесин чечишти. Жалпысынан жогоруда аталган келишимдин алкагында биринчисин эске алуу менен 101 кепилдик берилген, ал өткөн жылдын аягында Нарын облусунда берилген.

Кепилдик фондунун колдоосу менен эң көп ипотекалык турак жай Чүй облусунан 40 жана 23 бирдик кыймылсыз мүлк Нарын облусунан сатылып алынган. Үчүнчү орунда 19 үй ээси менен Жалал-Абад облусу, андан кийин Ысык-Көл облусу - 14, Талас облусу - 4 жана Ош облусу - 1.

Кепилдик колдоонун жалпы суммасы 26.3 млн сомдон ашыкты түздү, ал эми бул колдоонун аркасында сатып алынган ипотекалык турак жайдын баасы 217,2 миллион сомдон ашты.

Мындан тышкары окуңуз

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

2025-жылы Кыргызстанда QR төлөмдөрүнүн көлөмү 900 млрд сомдон ашкан

Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү өсүп, QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны жана көлөмү рекорддук көрсөткүчтөргө жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта белгиленген. Билдирүүлөргө караганда, былтыркы жылы 2024-жылга салыштырмалуу QR-код аркылуу жүргүзүлгөн акча которуулардын саны 8,1 эсеге көбөйүп, 525,1 млн операцияны

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга тарады

25-июнда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясы жыйынтыкталды. Жыйын Кыргызстандын гимни менен аяктады. Баш мыйзамдын 83-беренесине, Жогорку Кеңештин Регламентинин 32-беренесине ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев билдиргендей, сессиянын жүрүшүндө