Курулуштагы мыйзам бузуудан мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген
Чүй облусунун прокуратурасы Чүй башкы суу чарба башкармалыгында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүдө 2025-жылы курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.
Атап айтканда, сметалык баа негизсиз жогорулатылып, бетон пайдубал-тирөөчтөрдү курууда аткарылган иштердин актыларына жалган маалыматтар киргизилген. Башкача айтканда, кагазда иш көп көрсөтүлүп, иш жүзүндө аз аткарылган.
Натыйжада мамлекетке 2 млн сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.