Ишкердикти өнүктүрүү фонду ири суммадагы насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

Ишкердикти өнүктүрүү фонду ири суммадагы насыяларды берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот

КРнын Улуттук банкы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” ААКсын микрокредиттик компаниядан (МКК) микрофинансылык компанияга (МФК) кайра түзүүгө макулдук берди. Бул тууралуу Улуттук банктын Юстиция министрлигине жөнөткөн расмий катында белгиленген.

Ишкердикти өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, кайра түзүлүү процесси толук аяктагандан кийин фонд берилүүчү насыянын максималдуу суммасын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Насыялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши чакан жана орто ишкердик субъекттерине каржылык колдоону күчөтүүгө, ири көлөмдөгү каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү модернизациялоого жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөр пайда болот.

"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ААКнун негизги милдеттери болуп: - жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү; ишкердикти өнүктүрүүгө жана республиканын калкын социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү; микрокредиттик компаниянын андан ары иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жана Нагоя көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча кызматташат

Бишкек жана Нагоя көмүртек бөлүп чыгарууну азайтуу боюнча кызматташат

Бишкекте Япониянын Нагоя шаарынын өкүлдөрүнүн жумушчу сапары өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалымдалгандай, жолугушууда шаардык инфраструктурадан бөлүнүп чыккан көмүртектин көлөмүн азайтуу, энергия натыйжалуулугун жогорулатуу жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, тиешелүү бөлүмдөр жана муниципалдык ишканалар менен өткөн жолугушууда тараптар жылуулук менен камсыздоо системаларын модернизациялоону, энергия үнөмдөөчү

Ишкер Media
Майыптыгы бар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ЖКте болушту

Майыптыгы бар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ЖКте болушту

Кыргызстанда майыптыгы бар 52 адам жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп иштеп жатат. Алардын 22си өлкөнүн жети облусунан Бишкекке келип, биринчи жолу Жогорку Кеңеште уюштурулган жолугушууга катышышты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында,  жолугушууда жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз аймактарындагы көйгөйлөрдү көтөрүштү. Парламент төрагасы Марлен Маматалиев айтылган маселелер мыйзам долбоорлорун, өзгөчө

Ишкер Media
Кыргызстан билим берүү реформасы үчүн Евробиримдиктен 6 млн евро грант алды

Кыргызстан билим берүү реформасы үчүн Евробиримдиктен 6 млн евро грант алды

Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформалардын жыйынтыгы үчүн Европа Биримдигинен 6 млн евро грант алды. Бул болжол менен 592 млн сом. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, каражат "Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим" (ESRC) программасынын алкагында берилди. Программанын өзгөчөлүгү - акча алдын ала берилбейт. Каражат өлкө макулдашылган шарттарды

Ишкер Media
Кыргызстан жана Түркия биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан жана Түркия биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар кеңешине караштуу Кыргызстан-Түркия ишкер кеңешинин делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Эмре Йылдыз жетектеп келген. Бул тууралуу Минкаб билдирди. Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Данияр Амангелдиев Кыргызстан Түркия менен

Ишкер Media