Лейлектин Айбике айылында 30млн сомдук сугат суу долбоору ишке ашты

Баткен облусун Лейлек районунун Айбике айылында Танги-Айбике сугат суу долбору ишке ашырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, сугат суу долбоорунун курулушуна 30.4 млн сом жумшалды. Алтын-Бешик тоолорунан айылга чейин 5.5 км аралыкка жер асты менен суу алынып келинди.

Курулуштун жүрүшүндө тоодон түшкөн мөңгү суунун астына башкы суу алуучу жайы курулуп,тоо боору менен жер астына суу түтүгү жаткырылып келген. Натыйжада 164 метр бийиктикке өз нугу менен суу чыкты. Долбоор сыноодон өткөрүлүп, ийгиликтүү ишке ашты.

Долбоордун алкагында дагы 1км жерге сууну тартуу иштери айыл өкмөтүнүн эсебинен жүрдү. Жаз алды менен долбоор толук кандуу иштеп баштайт. Натыйжада Айбике айылына сугат суу берүү жакшырат жана 628 гектар бош жаткан талааларга суу жетип, өздөштүрүлөт.