Кыргызстанда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

Кыргызстанда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү

2023-жылдын 22-ноябрында Ош, Джалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында  бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкелери болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманке JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун  (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардан 190дон ашык ишканалар катышышты.

Бул иш-чаранын максаты - жумуш издөөчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштуруу жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо. Мындай иш-чаралар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.

Ошондой эле, 29-ноябрда, Бишкек шаарынын тургундары үчүн бош жумуш орундардын жарманкеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун