2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына тарифтик өзгөртүүлөр киргизилди

2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясына  тарифтик өзгөртүүлөр киргизилди

«Электр станциялары» ААКнун филиалдары Бишкек шаардык ЖЭБ жана «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын тиричилик эмес керектөөчүлөрү керектелген жылуулук энергиясы жана ысык суу үчүн өздүк наркыннын деңгээлинде төлөм жүргүзүшөт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертти.

Энергетика секторунун өзүн-өзү актоо принциптерин киргизүү, ошондой эле энергетикалык ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу максатында 2023-жылдын 24-ноябрында министрлер кабинетинин 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул тарифтик саясатка киргизилген негизги өзгөртүүлөр:

«Электр станциялар» ААКнун Бишкек шаарынын ЖЭБ жана «Бишкек жылуулук тармактары» филиалынын «Өнөр жай», «Башка керектөөчүлөр» жана «Бюджеттик керектөөчүлөр» тобу үчүн жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтер жылуулук энергиясынын наркынын деңгээлинде колдонулат.

Азыркы учурда тиешелүү токтомго кол коюлуп, анын негизинде жылуулук энергиясынын жана ысык суунун наркынын деңгээли аталган ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү каралат жана тарифтер орнотулат.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр калк үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоо тарифтерине таасирин тийгизбейт.

Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Советтер Союзунун убагынан бери иштеп келе жаткан энергетикалык жабдууларды жаңыртууга мүмкүндүк бере турган зарылчылык болуп саналат. Иштеп жаткан жылуулук станцияларды жана тармактарды реконструкциялоого жана модернизациялоого карабастан азыркы учурда энергектикалык жабдууларынын эскириши 80% дан жогору түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Киев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы Киев көчөсү Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабыла тургандыгын маалымдайт. Учурда ишкананын адистери тилкеде диаметри 89 мм жана 273 мм болгон жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча негизги иштерди аякташты. Иштерди этап-этабы менен оңдоп-түзөөнүн алкагында кийинки этап 27-июнда Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде башталат.

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында абанын табы 40 градуска жетери кабарланды

Өлкө аймагында 28–29-июнда абанын температурасы кескин жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү температура 35–40°ка чейин жетет. Мындай ысык аба ырайынын учурунда организмди бир калыпта кармаш учун жана күн өтүп кетүүдөн сактануу үчүн:

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокатта 5 социалдык имараттын курулушу башталды

Ноокат районунда беш жаңы социалдык объекттин курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Курулуп жаткан имараттардын катарында Зулпуев айыл аймагындагы заманбап спорттук стадион, Кулатов айыл аймагындагы Апшыр-Ата орто мектеби, ошондой эле Эргешов жана Колдошев атындагы орто мектептер жана Уркуя Салиева атындагы тарыхый-маданий музей бар.

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Ветеринардык көзөмөл посттору текшерилди

Баткен жана Ош облустарында мамлекеттик чек арадагы ветеринардык көзөмөл постторунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору А. Сотовалдиевдин иш сапарынын жүрүшүндө “Кызыл-Бел”, “Кызыл-Кыя” жана “Достук” мамлекеттик чек ара ветеринардык көзөмөл посттору, ошондой эле “Кара-Суу”