Өзгөн районунда көмүр саткандарга айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Өзгөн районунда көмүр баасына мониторинг жүргүздү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Өзгөн районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,3 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтар илинди.

Андан сырткары, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында 3 көмүр сатуучу жайга белгиленген көмүрдүн баасы жөнүндө маалыматтын жоктугу (илбегендиги) үчүн 1000 сомдон айып пул салынды.