Кара-Кулжада 120 орундук бала бакча курулат – сметалык баасы 62 млн сомду түзөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кулжа айыл аймагынын Бий-Мырза айылында жайгашкан “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.
Анда архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат берди. Ал билдиргендей, учурда иштеп жаткан бала бакчанын имараты 1967-жылы курулган эски имаратка 2007-жылы “Парчабү эне” мектепке чейинки билим берүү уюму уюштурулуп, ошол эле жылы АРИС программасы аркылуу чатырчасы толугу менен алмаштырылган.
Бирок бүгүнкү күндө имарат эскилиги жеткендиктен, Кара-Кулжа айыл өкмөтү тарабынан 120 орундуу жаңы имарат курууга долбоордун сметалык документтери даярдалган. Учурда жаңы имаратты курууга тендер өтүп, “Темир курулуш” ЖЧКсы 62 млн сомго келишим түзүлүп, пайдубалы түптөлдү.