Улуттук банк бир нече коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк бир нече коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды

Улуттук банк 2023-жылдын 22-декабрынан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынын «КРнын Конституциясына – 30 жыл» жана «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» сериясынын «Бешикке салуу» коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу мекеме билдирди. 

«КРнын Конституциясына – 30 жыл» коллекциялык монетасы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгынын урматына арналып чыгарылган. Конституция азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеп, мамлекеттин эң жогорку баалуулуктары - адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган. 

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл» коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары түстүү ыкмада берилген Кыргыз Республикасынын Конституциясы чагылдырылган. Монетанын сол жагында: «Кыргыз Республикасынын Конституциясына – 30 жыл / Конституции Кыргызской Республики – 30 лет» деген жазуу жайгаштырылган, ошондой эле монетанын номиналы жана сомдун графикалык белгиси (5 С) түшүрүлгөн. 

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы Кыргызстандын тарыхын, маданиятын таанытуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук салттарын жандандыруу максатында чыгарылган.  

«Бешикке салуу» – кыргыздардын бала төрөлгөндө жасалуучу улуттук үрп-адаттарынын бири. Салтка ылайык, жаңы төрөлгөн бала менен энени колдоочу ыйык эне болуп саналган Умай энеден балага узун өмүр, ден соолук тилеп, ымыркайды көп жашаган, дөөлөттүү байбиче бешикке салат. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары бала кармап отурган эне жана алтын жалатуу технологиясын колдонуу менен аткарылган бешиктин сүрөтү түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында «Бешикке салуу» деген жазуу жана монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын төмөн жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (28,28 g) берилген.  

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулар боюнча жыйын өттү

Энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулар боюнча жыйын өттү

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүнө байланышкан жыйын өткөрдү.  Аталган жыйынга өлкөдөгү күн, шамал электр станцияларын, гидроэлектростанцияларды, жылуулук электр станцияларын куруу иштерин жүргүзүп жаткан жана куруу этабында турган 15тен ашуун компаниянын жетекчилери онлайн жана видео байланыш аркылуу катышты.  Жыйында 2023-жылдан тартып энергиянын кайра жаралуучу булактарын

Тажикстан былтыр 11 айда Кыргызстанга экспортту 19 эсе көбөйткөн

Тажикстан былтыр 11 айда Кыргызстанга экспортту 19 эсе көбөйткөн

Тажикстан Кыргызстанга экспорт көлөмүн 19 эсеге көбөйткөнүн Тажикстан Республикасынын Бажы кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2024-жылы Кыргызстанга экспорттолгон товарлардын көлөмү болгону 475 миң долларды түзсө, ага чейинки жылы бул көрсөткүч 9 миллион долларга жеткен. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Тажикстан менен жалпы чек арасы бар жалгыз өлкө болуп саналат.

Кытай менен Кыргызстан соода жүгүртүүсү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жетти

Кытай менен Кыргызстан соода жүгүртүүсү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жетти

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү жаңы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 27,2 млрд долларды түзгөнүн Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзяньпинь билдирди. Ушул тапта Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы экинчи ири соода өнөктөшү болуп саналат, ал эми эки тараптуу сооданын көлөмү Кытайдын аймактагы өлкөлөр менен болгон жалпы товар жүгүртүүсүнүн 4/1 бөлүгүн

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцария Каракол лыжа базасын өнүктүрүүнү колдойт

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли Каракол шаарында өтүп жаткан лыжа тебүү боюнча тренингге катышты. Элчиликтин маалыматына ылайык, бул иш-чара 2022-жылдан бери Швейцария тарабынан Кыргызстанда колдоого алынып келе жаткан кышкы туризмди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюштурулган. Сапар учурунда элчи кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн бир гана инфраструктура жетишсиз экенин белгиледи. Анын айтымында, жогорку