Ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү – Эмгек министрлиги

Ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү – Эмгек министрлиги
Photo by Mike Dudin / Unsplash

2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% га азайып, 91.6 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6%га өскөн. Иш менен камсыз кылуу кызматы бир жылдын ичинде 16.7 миң кыргызстандыкка жумуш табууга жардам берген.

Эмгек министрлиги тарабынан көрүлгөн чаралардын аркасында жыл ичинде жумушсуздуктун жалпы деңгээли 4.9% түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0.4% пайыздык пунктуга  төмөн.

Расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 2.5% ды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0.4% пайыздык пунктуга  төмөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ведомстволук мугалимдер сыйлыктарды ортомчусуз алышат

Кыргызстанда ведомстволук мугалимдер сыйлыктарды ортомчусуз алышат

Агартуу министрлигинин ведомстволук сыйлыктарына педагог кызматкерлерди тандоонун санариптик механизми автоматташтырылган "Мугалим" маалыматтык системасынын негизинде ишке киргизилди. Буга чейин ведомстволук сыйлыктарга талапкерлерди кароо жана тандоо процесси мектептердин, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жана министрликтин атайын түзүлгөн комиссиясынын катышуусу менен жүргүзүлчү. Эми бул процесс толугу менен автоматташтырылып, "Мугалим" маалыматтык

Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча расмий маалымат

Ысык-Көлдүн жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча расмий маалымат

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги социалдык тармактарда Тамчы аймагындагы көл жээгинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жаткандыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет. Көлдүн жээги саздак болгондуктан туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда. Мындай ыкма чет өлкөлөрдөгү алдыңкы туристтик обьекттерде кеңири колдонулуп келет.

Россияда бензиндин баасы литрине 100 рублга чейин өсүшү мүмкүн

Россияда бензиндин баасы литрине 100 рублга чейин өсүшү мүмкүн

Экономикалык аналитик Денис Миролюбов "Абзац" басылмасына берген маегинде Россияда бензиндин баасы литрине 100 рублга чейин жетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бир нече фактор бир убакта дал келсе, мындай сценарий орто мөөнөттүү келечекте мүмкүн. "Азыркы динамиканы эске алганда, бензиндин литри 100 рубль болушу — жакынкы үч жыл ичинде

Мыйзамсыз психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү каналы токтотулду

Мыйзамсыз психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү каналы токтотулду

Бишкек шаарында психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүү каналы токтотулганын Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдирди. Шаардык ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери белгисиз жаран Кытайдан психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз ташып келип, аларды интернет-дүкөн аркылуу сатуу, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат