Төө-Ашуу убактылуу жабылды

Төө-Ашуу убактылуу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн.

Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат.

Кошумча маалымат берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Тамактануучу жайлар, сауна-мончолор негизги салыктан бошотулат

Тамактануучу жайлар, сауна-мончолор негизги салыктан бошотулат

Жогорку Кеңеш “Салык салуу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Мыйзам президенттин 11-июнундагы жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, салыктык жүктү азайтууга жана экономиканын айрым тармактарын колдоого багытталган. Ага ылайык: креативдүү индустрия өкүлдөрү 5 жылга негизги салыктардан бошотулат; коомдук тамактануу жайлары

Кыргызстан менен "Бета" компаниясы инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен "Бета" компаниясы инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтет

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык Beta брендинин өкүлү, "Бета" компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Бешир Угурду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Адылбек Касымалиев компаниянын Кыргызстанга болгон кызыгуусун жогору баалап, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” аба майданына барчу жолдун жээгиндеги теректер кыйылууда

“Манас” эл аралык аба майданына барчу жолду оңдоп-түзөө иштеринин алкагында 650 карагай жана 20 туя көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ишканасынан билдирди. Компаниянын маалыматында, долбоор ишке ашкан сайын бак-дарактарды көчүрүү иштери улантылат жана мындан ары бак-дарактарды кыюу пландалбаганын такташты. Компания жолду оңдоо иштери Бишкек шаардык мэриясы

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге берилчү төлөмдү 5 миң сомго жеткирүү каралууда

Баатыр энелерге ай сайын берилүүчү кошумча төлөмдү 5000 сомго жеткирүү сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев журналисттер үчүн өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоорунун алкагында баатыр энелерге төлөмдөрү бирдей суммада болот. Учурда пенсия курагындагы баатыр энелер 1000 сом, ал эми жөлөк пул алгандар 3000 сом