Кыргызстан менен "Бета" компаниясы инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтет

Кыргызстан менен "Бета" компаниясы инвестициялык өнөктөштүктү кеңейтет

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык Beta брендинин өкүлү, "Бета" компаниясынын Директорлор кеңешинин төрагасы Бешир Угурду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев компаниянын Кыргызстанга болгон кызыгуусун жогору баалап, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулап, аймактык инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдеп, келечектеги инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Депутат алты балалуу жаранга жеке эсебинен 10 тонна цемент берүүнү убада кылды

Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында 26-августта Тогуз-Булак айыл аймагына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тургундар социалдык, экономикалык жана инфратүзүмдүк маселелерди көтөрүп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Ошондой эле депутат Раззаков–Гордой–Кекире унаа жолунун жана Миң-

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын калкынын саны 7,46 миллионго жетти

Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2026-жылдын алгачкы алты айында 56,5 миң адамга көбөйүп, 1-июлга карата 7 миллион 461 миңге жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. 2026-жылдын январь-июнь айларында жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 66 миң 272 жаңы төрөлгөн ымыркай катталды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 0,

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу