2023-жылы каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди

2023-жылы каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди

2023-жылы Кыргызстанда каржы пирамидасына байланыштуу 358 иш тергелди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, анын ичинен 217 кылмыш ишинин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Учурда 98 кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып келет.

Кылмыш иштери боюнча жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан ашып, келтирилген материалдык чыгым 68 млн сомдон ашкан. Ал эми, кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

Каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган. Ал эми салыштырмалуу азыраак бөлүгү Чүй, Баткен жана Талас облустарына катталган.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

ИИМ жарандарды дропперликке байланышкан алдамчылыктан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды дропперликке байланышкан мыйзамсыз аракеттерден сак болууга чакырды. Дроппер – бул үчүнчү жактардын өтүнүчү менен өзүнүн банктык карталарын, эсептерин, электрондук капчыктарын же жеке маалыматтарын кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын которуу, накталай акчага айлантуу же жашыруу максатында пайдаланууга берген адам. "Жеңил киреше" сунуштары көбүнчө социалдык тармактар

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резерви 66,31 млрд долларга жетти

Өзбекстандын алтын-валюта резервдери 2026-жылдын 1-январына карата 66,31 миллиард долларга жеткенин Борбордук банкы билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын декабрь айында резервдер $5,07 миллиардды түздү же 8,3%га көбөйгөн. Ал эми жыл жыйынтыгында жалпы өсүш 61%ды түзгөн. Резервдердин түзүмүндө алтын негизги орунду ээлеп келет. Алтын корунун (запастарынын) наркы 6-ай

МАГАТЭ Борбор Азияны уран калдыктарынан тазалоо планын бекитти

МАГАТЭ Борбор Азияны уран калдыктарынан тазалоо планын бекитти

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Борбор Азия өлкөлөрүндө уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча 2030-жылга чейинки жаңы стратегиялык планды бекитти. Стратегиялык документ Кыргызстанды, Тажикстанды жана Өзбекстанды камтыйт жана эл аралык каржы институттары жана тиешелүү адистешкен уюмдар менен кызматташууну карайт. План совет мезгилинде уран казуудан жабыркаган аймактарды этап-этабы менен тазалоого жана

Бишкекте 2025-жылы 87 километр алюминий электр линиялары алмаштырылган

Бишкекте 2025-жылы 87 километр алюминий электр линиялары алмаштырылган

Бишкек электр тармактар ишканасы (БЭТИ) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча борбор калаадагы 11 турак жай массивинде эскирген алюминий зымдарынын 87 чакырымдан ашыгын заманбап өзүн көтөргөн изоляцияланган зымдарга (СИП-2) алмаштырды. Инфраструктураны жаңылоо иштери электр энергиясы менен камсыздоо тутумунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында жүргүзүлдү. Жаңы электр линиялары "Тынчтык", "