Кыргызстанда дары каражаттарын жүгүртүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргызстанда дары каражаттарын жүгүртүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Такталгандай, мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Жогорку Кеңештин тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2021-жылдын 8-февралындагы КР президентинин № 26 “КРнын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында КРнын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен мыйзамдын түзүмү кайра каралган, мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүүнү жана электрондук башкарууну ишке ашырууну эске алуу менен толуктоолор (жаңы беренелер) киргизилген, өзгөчө кырдаалдар шарттарында өлкөнү дары каражаттары менен камсыздоо маселелери, анын ичинде, дары каражаттарынын жок жана дефицит болуу коркунучу эске алынды, ошондой эле, улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык биримдиктин актылары менен, анын ичинде, дары каражаттарын алып кирүү (импорттоо) жана алып чыгуу (экспорттоо) боюнча шайкеш келтирүү маселелери эсепке алынды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

Таласта болгон сел ички чарба жолдорду жууп кетти

18-июнда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы Кара-Ой айылында тоолорго жааган катуу жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 2 сарайдын короосун каптап, ички чарба жолдорун жууп кеткен. ӨКМДин маалыматына ылайык, 19-июнда жүргүзүлгөн тактоо иштеринде материалдык зыян жок экени аныкталып, селден жабыркаган жол тилкелери жана 300 метр ички арыктар атайын

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

“Менин шаарым” тиркемеси аркылуу унаа токтотуучу  жайлардын акысын төлөсө болот

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктар үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасы “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы менен биргеликте “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.  Төлөм

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Бишкектеги Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши ачылды

Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол чийиндери аба ырайы жакшыргандан кийин түшүрүлөрүн эскертти. Учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга чакырат. Кыргызстандын экономика,

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Кыргызстан менен Германиянын ишкердик кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Бавария жана Тюрингиядагы Ардактуу башкы консулу Райнхольд Крэммельди кабыл алды.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымында, тараптар эки өлкөнүн ортосунда экономика, инвестициялар жана бизнес-форумдарды өткөрүү сыяктуу багыттарда кызматташтыкты тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле МинКаб башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман ишкердик кеңешинин алкагындагы кызматташтык