«Альянс Алтын» Кара-Ой айылында спорт комплекстин курулушун каржылады

Жерүй кени жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой айылында заманбап спорт комплексинин ачылышы аземи болуп өттү. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Имаратты салууга айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөт башчысы жана Жерүй алтын кенин иштеткен Альянс Алтын компаниясы өз салымын кошту.

Комплексте баардык шарты бар, 2 кабаттуу маданий спорт комплексинин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 43 млн 200 миң сом жумшалды.

Белгилей кетсек, айылдын бюджети Жерүй кенин иштетүүдөн улам, атайын чегерүүлөр аркылуу толукталып турат.