Бишкекте №56 жаңы автобус каттамы ачылууда

Бишкекте №56 жаңы автобус каттамы ачылууда

Бишкек шаарында 2024-жылдын 25-январынан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана экологиялык жактан таза транспорт түрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.

Мындан тышкары окуңуз

Келечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” өттү

Келечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” өттү

2026-жылдын 29-апрелинде борбордогу №68 мектеп-гимназияда “Атомдук сабак” болуп өттү. Бул иш-чара “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын мектеп окуучулары жана мугалимдер арасында илимди жайылтуу үчүн иштелип чыккан чоң “Атомариум” программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чарага заманбап илимий жетишкендиктер жөнүндө жеткиликтүү формада билүү үчүн 80ге жакын окуучу катышты. Сабакты гимназиянын директору Саадат Жумакунова жана

Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук маршруту ишке кирди

Кыргызстан-Кытай-Пакистан транспорттук маршруту ишке кирди

Эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун жана дүйнөлүк деңиз портторуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоонун алкагында Кыргызстан—Кытай—Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук маршрут ишке киргизилерин Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маршрут Бишкек шаарынан башталып, Торугарт, Кашгар, Хунджераб жана Исламабад аркылуу өтүп, Карачи деңиз портуна чейин жетет. Жалпы

Москвадагы өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык каза тапты

Москвадагы өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык каза тапты

28-апрелде Москва шаарында курулуп жаткан имараттан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык да каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Бул окуяга байланыштуу министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, Орусиянын тергөө кызматы өрттөн жалпы 8 жумушчу каза болгонун билдирип, 12 адам жабыркаганын, 31 адамды куткарып калууга

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө автотетиктерди, электр шаймандарын жана башка буюмдарды алып келе жаткан жүк ташуучу унаа аныкталды. Жүктү