Кыргызстанда 21 кызмат электрондук форматта жеткиликтүү

Кыргызстанда 21 кызмат электрондук форматта жеткиликтүү

Азыркы учурда министрликке тиешелүү 21 кызмат КР электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн (portal.tunduk.kg) мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертти.

Аталган чара калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында күбөлөндүрүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) процесстери автоматташтырылган (088/у формасы).

Өткөн жылы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө автоматташтырылган режимде 7,2 миллиондон ашык транзакциялар жүргүзүлгөн.

Учурда республика боюнча 46 райондук бөлүмдөрдү камтыган «Оор турмуштук кырдаалдагы балдар» автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) активдүү ишке ашырылууда.

Министрлик эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттиги KOICA менен биргеликте беш сервисти автоматташтыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө:

"үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулу; "социалдык жөлөкпул"; жарандарды жумушсуз катары каттоо жана тиешелүү маалымкаттарды берүү; кесиптик даярдоого, квалификациясын жогорулатууну кайра даярдоого жиберүү; акы төлөнүүчү иштерди уюштуруу программаларынын алкагында жарандарга убактылуу иш менен камсыз кылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

11-июлда Кемин районундагы Шабдан айылында “Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026” экологиялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара ипподром аймагында саат 09:30да башталат. Фестивалдын быйылкы темасы — "Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин

Соода тармагындагы патентти эми онлайн алса болот

Соода тармагындагы патентти эми онлайн алса болот

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу патент алуу боюнча электрондук кызматты ишке киргизди. Салык кызматынын малыматына ылайык, эми патентти салык кызматына  барбастан эле тариздөөгө болот. Бул үчүн онлайн түрдө бир нече кадамды аткаруу жетиштүү. Патентти кимдер ала алышат? Төмөнкү соода ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү: базарларда жана кичи базарларда,

Бишкек – Ош жолунда селдин калдыктары тазаланып, жол ачылды

Бишкек – Ош жолунда селдин калдыктары тазаланып, жол ачылды

22-июнда түнкү саат 01:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 432 – 435-чакырым аралыгында сел жүргөн. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, жеринде атайын техникалар ыкчам тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.  Натыйжада жол бүгүн,таңкы саат 05:00гө карата тазаланып, каттам ачылды. Учурда жолду

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Белес капчыгайындагы туристтик комплекс августта ишке берилет

Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Сүлүктү шаарына караштуу Белес капчыгайында курулуп жаткан “Белес-Резорт” туристтик комплексинин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус жетекчиси курулушту белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүү, ошондой эле пайдаланууга берилгенден кийин объектти максаттуу жана натыйжалуу иштетүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, туристтик комплекс туруктуу