Лизинг жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Лизинг жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров «КРнын Граждандык кодексине, «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө», «КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 7-мартында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты өлкөдө лизинг сунуштоо шарттарын алга илгерилетүү, жеке адамдарга автоунааларды жана мото-транспортторду жеке пайдалануусу үчүн сатып алуу, ошондой эле лизинг рыногу инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүү – сунуштоочулар катарын көбөйтүү, дилердик түйүндөр чөйрөсүн кеңейтүү, тейлөө компанияларын ачуу, камсыздандыруу шарттарын өркүндөтүү аркылуу лизингге керектүү унаа каражаттарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен финансылык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат.

Мыйзамда зайымдарды берүү боюнча кесиптик иши КРнын салык мыйзамдарына ылайык коммерциялык юридикалык жактын статусундагы экономикалык иштин салыктык каттоосунан милдеттүү тартипте өткөрүлүүгө тийиш экендиги каралган.

Мындан тышкары лизинг иши КРдагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш экендиги белгиленген. Министрлер кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат (Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары).

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” 253 млн 885 миң сомдон ашуун компенсация төлөп берди

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” Коргоо министрлигине 253 885 310 сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, бул төлөм 2025-жылы Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясын аткаруу учурунда жабыркаган Ми-8 тик учагы боюнча жүргүзүлдү. Тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Бул – Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы авиациялык окуя боюнча эң ири

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президенттик админстрацияда катчылык кызматы түзүлөт

Президент Садыр Жапаров президенттин администрациясынын ишин өркүндөтүүгө багытталган жаңы жарлыкка кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиргендей, документке ылайык, администрациянын түзүмүнө жана штаттык курамына бир катар өзгөртүүлөр киргизилет. Жарлык менен мамлекеттик кызмат орундарынын айрым аталыштары такталып, президенттин администрациясынын курамына катчылык институту расмий киргизилди.  Ошондой эле Администрациянын жаңыланган түзүмү жана

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Депутат жарандарга берилүүчү насыя пайыздарын кайра кароону сунуштады

Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 16-июндагы жыйынында Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчету каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков өлкөнүн 2025-жылдагы акча-кредит саясатынын негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду. Талкуу маалында эл өкүлү Айсаракан