«Талас» аэропорту ишке берилүүгө даяр

«Талас» аэропорту ишке берилүүгө даяр

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Талас» аэропортуна барып, жасалган иштерди текшерүүгө алды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Төраганын айтымында «Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курулуп башталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган аэропорт учактарды жана жүргүнчүлөрдү толук кандуу кабыл алууга даяр.   

«Талас» аймактык аэропортунун жаны курулган аэробекети саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Аэробекеттин учуп келүү, учуп кетүү залдары өзүнчө бөлүнгөн, мүмкүнчүлүгу чектелген адамдарга, жүргүнчүлөргө баардык шарттары менен толук кандуу жасалды, ошондой эле эне-бала бөлмөсү да бар.

«Жарандык авиациясынан сертификаттар алынды, текшерүүдөн өттү. Учурда жүргүнчүлөрдү жана учактарды «Талас» аэропорту кабыл алууга толук кандуу даяр деп баса белгилеп айтууга болот. Бирок бүгүнкү күндө өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан «Тез Жет» авиа компаниясынын учактары жетишпегендиктен, бул багытка каттамды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок.
Ошондуктан «Манас» эл аралык аэропорту» ААК былтыр сатып алган «Dash-8-400» үлгүсүндөгү учактар ушул жылдын май айында келээри менен КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен ачылган «МЭА» ААКтын туунду компаниясы «Асман Эйрлайнс» - өлкө ичинде курулган баардык аймактык аэропортторго каттамдарды ачып, элибизге кызмат кылып баштайт», деди Манасбек Самидинов.

Эсиңиздерге сала кетсек, «Талас» аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган. Саатына 100 жүргүнчүнү тейлей алат жана ички каттамдарды аткарууга багытталган. Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактардын баардык түрлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары окуңуз

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

Бишкекте пилоттук негизде жаңы жол чырактар иштей баштады

20-июнда жол тыгынын азайтуу жана транспорт агымын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Чүй проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишинде жаңы жол чырактар орнотулуп, пилоттук негизде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун алкагында жаңы жол чырак объектилеринин иштөө алгоритми, унаа агымына тийгизген таасири жана белгилүү бир убакыт