Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди.

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо, жабдуулар жана шаар четиндеги каттамдардын тарифтик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жол кирени эсептөө механизмдери сыноодон өткөрүлүп жатат.

Шаар ичиндеги каттамдарда бирдиктүү баа колдонулса, шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарда жол киренин баасы жүргүнчүнүн жүргөн аралыгына жана белгиленген тарифтик аймактарга жараша айырмаланат. Буга байланыштуу QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү системасын киргизүү каражаттарды туура эсептөө жана эсептен чыгаруу үчүн кошумча техникалык жөндөөнү талап кылат.

Учурда пилоттук долбоор №226, №153, №34, №51, №32, №1 жана №23 автобус каттамдарында ишке ашырылууда.

Пилоттук режим системасынын ишин реалдуу шарттарда текшерүүгө, мүмкүн болгон техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктап жоюуга, ошондой эле жүргүнчүлөр үчүн жол кирени төлөөнүн ыңгайлуу, тез жана коопсуз ыкмасын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Тестирлөө жана системаны жөндөө иштери аяктагандан кийин QR-код аркылуу жол кире төлөө бардык шаар четиндеги жана шаар аралык каттамдарга этап-этабы менен киргизилет.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media