Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы жерге көчкөндөн кийин адамдардын жүргөн багыты да өзгөрдү. Ошондуктан азыркы автобус каттамдарынын көбү элдин муктаждыгына жооп бербей калгандыгы белгиленди.

Ушу тапта, Ош шаарында 38 маршруттук кичи автобус каттамы иштейт. Күнүнө 470– 500гө жакын кичи автобус чыгат. Мындан сырткары 11 муниципалдык автобустук каттамда 105 – 110 автобус, №1 жана №2 троллейбус каттамдарында 24 – 26 троллейбус жүрөт. Шаарда жүргүнчүлөрдүн көбүн жеке кичи автобустар ташыйт. Ошон үчүн бардык каттамдарды толук талдап чыгып, кайра караш керектиги айтылды.

Комиссиянын курамына шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, шаардык кызматтардын жетекчилери жана транспорт боюнча адистер кирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media