Ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун жогорку даражасы –кыргыз сомунун аброю жөнүндө

Ишенимдүүлүктүн жана коопсуздуктун жогорку даражасы –кыргыз сомунун аброю жөнүндө

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 201.8 млрд сомдон ашты. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу сумма 24.6 млрд сомго же 14.6%га өскөн.

Мындай акча массасын жүгүртүү үчүн жасалма акча жасоочулардан жакшы коргоо керек. Кыргызстандын улуттук валютасы сом бардык заманбап стандарттарга жооп берет. Улуттук банк банкноттордун жаңы сериясын жүгүртүүгө чыгарган. Ал жаңыланган дизайнга жана ар кандай деңгээлдеги текшерүү үчүн иштелип чыгып, жаңы, заманбап жана эффективдүү коопсуздук элементтерине ээ.

Банкнотторду жаңылоо – накталай акча жүгүртүүнүн ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат

Улуттук банктын өкүлдөрү Economist.kg менен курган маегинде жөнгө салуучу органдын негизги максаты накталай акча жүгүртүүнүн үзгүлтүксүздүгүн, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилешет. Бул жерде накталай акча жүгүртүүнү эффективдүү уюштурууда жасалма акчага каршы күрөш чоң роль ойнойт. Андыктан жасалма акча жасоонун алдын алуу үчүн банкноттордун сериясын 7-10 жылда бир жаңылап туруу максатка ылайыктуу.

Кыргызстанда 4-сериядагы биринчи банкноттун жүгүртүүгө киргизилгенине 12 жыл болду. Улуттук банк накталай запастарды пландуу толуктоонун алкагында банкнотторду жаңыртып турат жана эскилиги жеткен жана эски банкноттор жүгүртүүдөн чыгарылып жаткандыктан аларды алмаштырып турат.

5-сериядагы банкноттордун негизги айырмачылыгы жаңы банкноттордо ак талаанын жоктугу болуп саналата. Банкнотторду жүгүртүүдөн чыгаруунун жана аларды андан ары жок кылуунун негизги факторлорунун бири банкноттордун булганышы болуп саналат.

«Ал эми ак талаа түстүү жерге караганда тезирээк кирдеп, ошондой эле бир нерсе жазуу үчүн «байлооч» болгондуктан, Улуттук банк суу белгисинин талаасын да түстүү кылып, ошону менен жүгүртүүдөгү банкноттордун иштөө мөөнөтүн узартууну чечти.
Дагы бир айырмалоочу өзгөчөлүгү банкноттордун сериялык номерлери мурдагыдай банкноттун алдыңкы бетинде эмес, арткы бетинде жайгаштырылат», - деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.

Жаңы сериядагы банкноттор жаңыланган дизайнга жана ар кандай деңгээлде текшерүү үчүн арналган коргоо элементтеринин жаңы, заманбап жана эффективдүү топтомуна ээ.

Белгилей кетсек, 1993-жылдын 10-майында Улуттук банк 1, 5 жана 20 сом номиналындагы биринчи сериядагы банкнотторду, ошондой эле 1, 10 жана 50 тыйындык валюталык купюраларды жүгүртүүгө чыгарган.

2023-жылга карата жалпысынан 22 жасалма банкнот

Белгилеп кетүүчү нерсе, улуттук валютаны жогорку деңгээлде коопсуз басып чыгаруу жана дизайнын өркүндөтүү тармагындагы жаңы иштеп чыгууларды тынымсыз колдонуунун натыйжасы акыркы 20 жылда республикада жасалма акча жасоонун төмөн деңгээли болуп калды.

Алсак, 2023-жылы республика боюнча жалпы суммасы 37.5 миң сомду түзгөн 22 жасалма банкнот аныкталган (2022-жылы жалпы суммасы 9.5 миң сомду түзгөн 31 жасалма банкнот аныкталган). Жасалмачылыктын деңгээли бир миллион накта банкнотко 0.05 жасалма банкнотту түздү, бул минималдуу 1-деңгээл катары классификацияланат.

Жасалма акча жасоонун ар бир фактысы боюнча укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде каралган жасалма акча жасоо фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлөт.

Жасалма банкнот

2023 банкноттордун негизги коргоо элементтери

200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңы банкноттордун суу белгиси көп тондуу портретке жана номинал түрүндөгү электротипке ээ. Ал эми коргоо жипинин үзүлгөн сызыгы жарык тийгенде толук болуп, банкнотту кыйшайтканда ромб түрүндөгү номиналдын номерлерин жана логотипти камтыйт, жылтылдаган ромб жана кыймылдуу тилке көрүнүп калат.

Жарык тийгенде банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттүн фрагменттери портреттин, жазуулардын, банкноттун цифралык жана тамгалык номиналынын аймагында ромбдун формасын түзөт. Ошондой эле, банкнотту кыйшайтканда сом белгисинин көп түстүү сүрөтү – С пайда болот. Арткы бетинде банкноттун номиналынын жана жөнгө салуучу органдын логотиби түрүндөгү жалтырак тилке бар.

Колуңузга жасалма банкнот тийсе – сатууга аракет кылбаңыз!

Улуттук банк жарандарды жасалма купюралардан коргоо үчүн банкноттордун аныктыгына көңүл бурууну сунуштайт. Адистер сиз билген жок дегенде 3-4 коргоочу элементти текшерүү керек экенин белгилешет. Сиз дайыма эски банкнотторго көңүл бурушуңуз керек. Жасалма акча жасоочулар банкнотторго азыраак көңүл бурулушу үчүн атайын эскиртүүгө аракет кылышат.

Жасалма банкнот

Жасалмалардын айырмалоочу белгилери болуп төмөнкүлөр саналат: 

·         бүдөмүк сүрөттөр;

·         жазуулардын жана портреттин жанында рельефтин жоктугу;

·         суу белгисинин сапаты начар же анын жоктугу;

·         коопсуздук жиптин жоктугу;

·         жеке коргоочу элементтердин оптикалык эффектинин жоктугу.

Мындай банкнотторду идентификациялоо үчүн күмөндүү банкнотту аныктыгынан эч кандай шектенбеген чыныгы менен салыштыруу жетиштүү. Бирок бир гана белгинин бар экенине ишенбеш керек, сизге белгилүү болгон банкноттун бардык коопсуздук элементтерин текшерүү керек.

«Эгерде сиздин колуңузда шектүү банкнот болсо, анда аны Ички иштер башкармалыгынын жакынкы бөлүмүнө же Улуттук банкка өткөрүп берүү керек, ал жактан адистер банкноттун аныктыгын текшеришет. Улуттук банк дүйшөмбүдөн жумага чейин күн сайын саат 9.00дөн 14.00гө чейин улуттук валютанын шектүү банкноттору менен монеталарын экспертизага кабыл алат. Экспертиза үчүн эч кандай акы алынбайт. Экспертизанын мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпайт»,-деп баса белгилейт жөнгө салуучу орган.

Улуттук банк шек туудурган банкнотторду сатууга аракет кылбоо керектигин эскертет, анткени жасалма банкнотторду жасап чыгаруу эле эмес, таратуу дагы мыйзам чегинде жазаланат. Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, жасалма банкнотторду жасоо, сактоо же сатуу 1 миңден 2 миңге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле жосундар, ири өлчөмдө жана алдын ала көмүскө бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Улуттук валютадагы банкноттордун сапаты

Банкнот кагазынын негизин пахта түзөт. Бул материал кагаздан айырмаланып, миңдеген ийилүүгө туруштук бере алат. Банкноттордун колдонуу мөөнөтү номиналдан, климаттык шарттардан, акча менен иштөө маданиятынан жана инфраструктуранын өнүгүшүнөн көз каранды.

Улуттук валюта 100% пахтадан жасалган жана банкнотторду жасалмалоодон коргогон жана банкноттордун аныктыгын текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап коргоо элементтерин камтыйт.

Улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын чыгаруучусу конкурстук (тендердик) негизде аныкталат. Учурда жүгүртүүдөгү монеталардын өндүрүүчүсү Нидерланддын Королдук монетаканасы, ал эми коллекциялык монеталардын өндүрүүчүлөрү көп жылдар бою Санкт-Петербург, Москва, Литва, Словакия, Польша жана Казакстандын монетаканалары болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Вашингтондо Кыргызстандын күн энергетикасы боюнча ири долбоору талкууланды

Вашингтондо Кыргызстандын күн энергетикасы боюнча ири долбоору талкууланды

Вашингтондо өткөн иш сапардын алкагында Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банктын вице-президенти жана финансы директору Жон Гандольфо менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар “Кыргыз күн электр станциясы” пилоттук долбоорунун жүрүшүн кеңири талкуулашты. Долбоор Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) колдоосу менен ишке ашырылып, техникалык, юридикалык, финансылык жана экологиялык талдоолорду камтыйт. Күн

Кыргызстанда 2,3 миң литрден ашык этил спиртин мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Кыргызстанда 2,3 миң литрден ашык этил спиртин мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Евразия экономикалык бирлигинин жана КРнын бажы мыйзамдарын бузуу фактысын аныктады. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 27-мартында "Түндүк-Чыгыш" бажысынын Кант убактылуу сактоо кампасына Түркиядан жүк ташыган унаа келген. Документтерде сумка аксессуарлары, техникалык тетиктер, пластмасса буюмдар жана парфюмерия продукциялары көрсөтүлгөн. Бирок бажылык текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияланбаган

Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот

Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот

Бишкек шаарында 18-апрелден тарта Лев Толстой көчөсүндө реабилитация иштери башталат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта Термечиков көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Экинчи этапта Кривоносов көчөсүнөн Т. Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке убактылуу жабылат. Жол иштерине байланыштуу коомдук транспорттун айрым каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт. Тактап

Б.Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 инвестициялык долбоор даярдалат

Б.Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 инвестициялык долбоор даярдалат

Күн мурун Жалал-Абад облусунда Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда инвестициялык долбоорлорду түзүүгө арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги жана Чаткал, Ала-Бука, Токтогул райондорунун акимдери катышты. Жолугушуунун негизги максаты – аймактардагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо, инвестициялык