Климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптация Кыргызстанда 20 миң жумушчу орунун түзөт

Климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптация Кыргызстанда 20 миң жумушчу орунун түзөт

Дүйнөлүк банк тобу жарыялаган Кыргызстандын климаты жана өнүгүүсү боюнча отчетунда (CCDR) климаттык өзгөрүүлөргө карата адаптация, айрыкча инфраструктура тармагында, курулуш секторунда 20 миңге жакын жумуш ордун түзүшү мүмкүн экени айтылды.  

Энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, кайра калыбына келүүчү энергияны өнүктүрүүгө жана энергиялык үнөмдүүлүктү арттырууга багытталган декарбонизация(көмүр кычкыл газын азайтуу процесси) айыл чарбасында, курулушта жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрдө 20–25 миң жумуш ордун түзө алат. Бул мүмкүнчүлүктөр негизинен квалификациялуу жумушчу күчүн талап кылгандыктан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө атайын колдоо керек болот.

Эгер адаптация чаралары көрүлбөсө, эмгек өндүрүмдүүлүгү жана жумуш менен камсыз кылуунун өсүшү жайлап, өзгөчө аялуу катмарлар көбүрөөк жабыркайт.

CCDRдин эсебинде, маанилүү тармактарды “климаттык коргоого” алуу жылына ИДПнын 0,2%ан азыраак каражатты талап кылат — бул XXI кылымдын ортосуна чейин жалпысынан 1 млрд долларды түзөт. Приоритеттүү чаралардын катарына суу жетишсиздигине каршы күрөшүү, климатка туруктуу айыл чарба маданияттарын жайылтуу, инфраструктураны бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу кирет.
Ландшафттарды калыбына келтирүү сыяктуу табиятка багытталган чечимдер жер көчкүнүн зыянын 26 млн долларга чейин азайтышы мүмкүн.

Отчетто Кыргызстан климаттык коркунучтарга мамлекет менен жеке сектордун биргелешкен аракеттери аркылуу натыйжалуу туруштук бере алаары белгиленет. Адаптация чыгымдары туруктуу мамлекеттик финансынын аркасында макроэкономикалык туруктуулукка зыян келтирбестен мамлекеттик булактардан каржыланышы керек деп айтылат. 

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен