Он бир айда кургак чөп жана таштанды өрттөгөндөргө 2,9 млн сом айып салынды

Он бир айда кургак чөп жана таштанды өрттөгөндөргө 2,9 млн сом айып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы 2025-жылдын башынан бери экологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында чарба субъекттери жана жеке сектордун жашоочулары менен 204 рейддик иш-чара жүргүздү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 11 айдын ичинде өнөр жай ишканалары, мончолор, сауналар жана жеке турак үйлөрдү камтыган 650дөн ашуун объект текшерилди.

Кургак чөптү, тиричилик, курулуш жана тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын өрттөө фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 290 протокол түзүлүп, жалпысынан 2 903 500 сом айып пул салынды.

Райондор боюнча маалымат:
• Ленин району — 74 протокол, 772 000 сом;
• Октябрь району — 36 протокол, 456 000 сом;
• Свердлов району — 95 протокол, 852 000 сом;
• Биринчи Май району — 85 протокол, 823 500 сом.

Муниципалдык инспекция шаар тургундарына жана уюмдарга катуу тиричилик таштандыларын, кургак чөптү жана башка таштандыларды өрттөөгө тыюу салынарын эскертет.

Белгиленген эреже бузган учурда жеке жактар үчүн — 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн — 23 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады. Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media