Шылуундарды кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Шылуундарды  кантип таануу боюнча Улуттук банктын кеңештери

Акыркы убакта Кыргызстанда банк тармагында алдамчылык фактылары көп катталууда. Кыргызстандыктар социалдык тармактарда, телефон аркылуу же мессенджер аркылуу алданууда. Алдамчылыктын курмандыктары акчасы уурдалгандан кийин гана билишет. Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү Economist.kgге каржы тармагындагы алдамчылыктын түрлөрү тууралуу айтып берди, бул жарандардын сергек болушуна жардам берет.

Банк тармагында алдамчылыктын кандай түрлөрү кездешет?

Банк тармагында алдамчылыктын төмөнкү түрлөрү көп кездешет:

- фишинг: жасалма сайттар же электрондук каттар аркылуу логин жана сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты алуу;

- вишинг (Voice Phishing) (телефон аркылуу алдамчылык): өзүн банк кызматкери деп тааныштырып, алдоо жолу менен кардарлардан купуя маалыматтарды алуу үчүн телефон чалуулар;

- скимминг: банк карталарынан маалыматтарды окуу үчүн банкоматтарга аппараттарды орнотуу;

- социалдык инженерия: кардарларды алдоо жана алардын маалыматтарын алуу үчүн психологиялык ыкмаларды колдонуу;

- төлөм карталары менен алдамчылык: уурдалган картадагы маалыматты колдонуу менен уруксатсыз транзакциялар.

Бүгүнкү күндө Улуттук банкка телефон аркылуу алдамчылык учурларына байланыштуу жарандардын арыздары келип түшүүдө. Алдамчылар жарандарга өздөрүн банктын/Улуттук банктын/укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырат, эсеп боюнча жүрүп жаткан ар кандай операциялар жөнүндө кабарлайт жана купуя маалыматты сурайт, ошондой эле акча каражаттарын башка реквизитке которууну же кредитти тариздөөнү жана башка реквизитке которууну суранышат.

Ошондой эле бүгүнкү күндө WhatsApp боюнча алдамчылык актуалдуу – алдамчылар жарандарга WhatsApp аркылуу жазып, банктын кызматкеримин деп өзүн тааныштырат. Алдамчы жарандан видео чалуу аркылуу туташууну суранат. Андан аркы схемасы телефон аркылуу алдамчылыкка эле окшош..

Акыркы учурда алдамчылар телефон чалуу аркылуу өзүн банктардын кызматкери деп тааныштырып, жарандардын банктык эсептеринен жана карталарынан акчаны уурдаган учурлар көп кездешүүдө. Буга байланыштуу коммерциялык банктар шектүү операцияларды көзөмөлдөп жатышабы жана кандай чаралар көрүлүп жатат?

Банктар төмөнкү чараларды колдонуу менен шектүү операцияларды текшеришет:

- транзакцияны талдоо: кардарлардын жүрүм-турумундагы өзгөчө көрүнүштөрдү көзөмөлдөгөн жана шектүү операцияларды аныктаган автоматтык мониторинг системалары;

- инсанды аутентификациялоо: операцияларды жүргүзүүдө кардарды тастыктоонун кошумча чаралары;

- колдонуучулардын аутентификациясы жана коопсуздук деңгээлин кошумча камсыз кылуу үчүн колдонулган бир жолку сыр сөздү сурашат;

- кардарларды окутуу жана маалымат берүү: алдамчылык ыкмалары жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө багытталган маалыматтык кампанияларды жүргүзүү жана маалымат таркатуу.

Банк кызматкерлери кардарга кайсыл учурларда телефон чалышы мүмкүн?

Банк кызматкерлери кардарга төмөнкү учурларда чалышы мүмкүн:

- Кардар карта алуу үчүн арыз калтырган. Эгерде банктын арыз боюнча суроолору болсо, банк кардар менен байланышат;

- Кардар транзакцияны өзү жүргүзгөнбү деген маалыматты тактоо үчүн;

- Кредит боюнча карызды өндүрүү боюнча чалышы мүмкүн;

- Кредитти сатуу боюнча жана маркетингдик сурамжылоо жүргүзүү үчүн чалышы мүмкүн;

- Эгерде кардар аралыктан видео-идентификациялоо жүргүзүүгө билдирме калтырса;

- Кардардын Банкка мурда калтырган кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү үчүн.

Ошол эле учурда, банк кызматкерлери эч качан ПИН-код же сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты сурабайт.

Жарандардын банктык жеке маалыматтарын кимдер көрө алат? Алдамчылар ал маалыматты билип алышы мүмкүнбү?

Банктын кардарды тейлеген кызматкерлери/ыйгарым укуктуу кызматкерлери гана жеке банктык маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө (иш милдеттерин аткаруу учурунда) ээ. Банктар кардарлардын жеке маалыматтарын уруксатсыз кирүүдөн жана алдамчылыктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүшөт. Бул чараларда технологиялык чечимдер да, уюштуруу жол-жоболору да камтылат.

Социалдык тармактарда белгисиз себептен улам, жарандардын эсебинен акча каражаты жоголуп жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр кездешет. Картадагы акчанын сакталышына кепилдик барбы?

Банктар заманбап коопсуздук жана мониторинг системаларын кошо алганда, карталардагы акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат. Бирок, коопсуздук деңгээли кардарлардын өзүнөн жана алардын алдамчылыктан коргонуу ыкмалары жөнүндө кабардар болуусунан көз каранды болуп саналат.

Алдамчыларга акчасын алдырган жаран эмне кылышы керек?

Алданган жаран төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:

- Банкка окуя тууралуу дароо билдирүү;

- Картаны же эсепти бөгөттөө;

- Укук коргоо органдарына арыз берүү.

Алдамчыларга алданбаш үчүн кандай негизги эрежелерди билүү зарыл?

Кардар:

- Эч качан купуя маалыматты (ПИН-код, сыр сөз) телефон же электрондук почта аркылуу ачыкка чыгарбоого;

- Банктын расмий каналдары аркылуу түздөн-түз байланышып, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерүүгө;

- Аккаунттарды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны колдонууга;

- Коомдук жайларда банк карталарын колдонууда этият болууга;

- Өз эсептеринин абалына жана Банктын билдирүүлөрүнө көз салууга тийиш.

 

Банк чөйрөсүндө алдамчылык фактылары көп кездешип жаткандыгына байланыштуу, жарандардын банктарга болгон ишенимин сактоо максатында Улуттук банк тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатат?

Бүгүнкү күндө Улуттук банктын кызматкеринин жасалма документин көрсөтүп, алдамчылык менен алектенген шылуундар да күч алды. Алардын максаты: жарандардын акча каражаттарын пайдалануу жана уурдоо.

Буга байланыштуу, Улуттук банк жарандардын жеке маалыматтарын жана жашыруун маалыматтарын телефон аркылуу эч качан сурабай тургандыгын эскертебиз. Анын үстүнө, Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды  тейлебейт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.  Андыктан сак болууну, эч кимге жеке маалымат бербөөнү сунуштайбыз.

Жарандар Улуттук банкка банктардын иши тууралуу суроолор жана керектөөчүлөрдүн укугунун бузулушу тууралуу даттануулар менен кайрыла алышат. Улуттук банк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп турат.

Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, анда Улуттук банк кайрылууну финансылык кызматтарды керектөөчүнүн арызынын негизинде жекече карап чыгышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Улуттук банк финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдү ар дайым сак болууга жана алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат.

Жарандарды банктын атына жамынып алдаган жактарды табууга жана жазалоого мүмкүнчүлүк барбы?

Бул ишти укук коргоо органдары жүргүзөт.

Алдамчылык (алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу аркылуу башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу) же уурдоо (бирөөнүн мүлкүн уурдап алуу) – кылмыштуу иштерге кирет жана тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан белгиленген жазык-процесстик тартипте аныкталат.

Натыйжалуу териштирүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн, жарандар алдамчылык тууралуу мүмкүн болушунча тезирээк билдириши маанилүү.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.