Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

КРнын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, кыргызстандыктарды  “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.

Мамлекет катчы өз сөзүндө - Улуу “Манас” эпосу улутубуздун руханий өзөгүн, чыныгы атуулдук милдетти, мекенчилдикти, ошондой эле эл биримдиги менен өлкөбүздүн бүтүндүгүн түшүндүрө тургандыгын белгиледи.

“Өз тарыхын сыйлаган элдин келечеги бекем, өз мурасын урматтаган элдин руху түбөлүк болот” деп айтылгандай, дүйнө элинде теңдеши жок “Манас” үчилтигинде кыргыз элинин тарых-таржымалы, көөнө маданияты, эл аралык мамилелер саясаты, басып өткөн даңазалуу жолу, жалпы адамзатка калтырган улуу мурастары түгөл камтылган. Байыртадан эле тапканын тең бөлүшкөн кыргыз эли улуу дастанын адамзаттык дөөлөт катары баалап, 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрдү.”

Анын айтымында 2013-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигин ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине катталган.

“Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча “Манас” эпосунда 500дөн ашуун жер-суунун аталыштары, миӊдеген адамдардын ысымдары, тамак-аштардын, курал-жарактардын, кийим-кечектердин, абаздык аспаптардын, эң негизгиси нечендеген улуттардын аттары да айтылат. Залкар жана чыгаан жомокчулар “Манасты” 28 түрдүү кыраат менен 3 ай бою тынбай айтып, түгөтө албагандыгы элибиздин эсинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Көрсө, чоң жомокчунун эргүүсү ташкындап келгенде, окуяны уламдан-улам шөкөттөп, башка бир жагдайларды кошуп, кеңейтип кете берет тура. Мына, анын чыныгы баалуулук касиети.” – деп билдирди А.Койчиев.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media
Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен

Ишкер Media
Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media