Үнөмдүү жана ыңгайлуу: электроунаалар шаардык таксинин көрүнүшүн кантип өзгөртүп жатат

Үнөмдүү жана ыңгайлуу: электроунаалар шаардык таксинин көрүнүшүн кантип өзгөртүп жатат

Кыргызстандын такси автопарктарындагы электрунаалардын саны өсүүдө. Бул тармактагы эң ири оюнчулардын бири - экологияга жана натыйжалуулукка артыкчылык берген – “Go Park”. Эмне үчүн бизнес электроунааларды тандап жатат, айдоочулар бул өзгөрүүлөргө кандай карашат жана жалпысынан жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында эмне өзгөрүүлөр бар - биздин материалда.

 Экологиялык таза, ыңгайлуу жана кирешелүү

 Такси рыногунда Яндекс Goнун өнөктөшү “Go Park” өткөн жылдын май айынан бери иштеп, өзүнүн алгачкы 12 электрокарын сатып алып, ишин баштаган. Бир жарым жылдын ичинде парк 2024-2025-жылдар аралыгындагы Кытайдан чыккан электроунааларды сатып алып, 600 ашык унаага көбөйткөн. Дагы жүзгө жакын унаа азыр Бишкекке келе жатат. Жүргүнчүлөрдү ташуучу компания борбор калаада, Караколдо, Таласта иштейт жана жакында башка аймактарга да жайылтуу пландаштырууда.

 “Биз атайылап бензин жана дизелдик унаалардан баш тартып, “жашыл шаар” концепциясын колдодук - бул биздин түтүнгө каршы күрөшкө кошкон салымыбыз.” Анын үстүнө, электр унаалары абдан үнөмдүү болушат. Айдоочулар үчүн бул идеалдуу вариант. Техникалык тейлөөсү дагы кадимки унааларга караганда арзаныраак. Биздин жумуш башталгандан бери BYD e2 электрунааларыбыздын бири да оңдоого муктаж болгон жок. Айрымдары 100 миң километр жүргөнүнө карабастан, бир дагы айдоочу колодкаларын да алмаштыра элек,” – дейт, электр унааларынын артыкчылыктарын санап жатып, “Go Park” ишканасынын операциялык директору Фархат Камчыбеков.

 Анын айтымында, азыркы тапта жол кыймылында бул унааларды баары тааныйт жана жүргүнчүлөр арасында экологиялык жактан таза транспортко болгон кызыгуу өсүүдө. Өз кезегинде бизнес суроо-талапка тез жооп берип жатат. Жакында эле Бишкектеги Яндекс Go тиркемесинде «Электро» тарифи пайда болгон. Учурда анда 2500дөн ашуун автомобилдик маркалар BYD, Weltmeister, Changan жана FAWдын заманбап жана кенен унаалары бар. Таксопарктын өкүлүнүн айтымында, бул тарифти көбүнчө ыңгайлуулук менен тынчтыкты сүйгөндөр тандашат.

 «Такси кызматы үчүн электрокарды айдоочулар бөлүп төлөө шарты менен, баштапкы төлөмсүз сатып ала алышат. Айдоочу иштеп, үзгүлтүксүз төлөмдөрдү жүргүзө берет жана убакыттын өтүшү менен унаа анын менчигине айланат. Бул система айдоочулар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу», - дейт «Go Parkтын» башкы операциялык директору Фархат Камчыбеков.

 Жалпысынан такси рыногу жөнүндө айтып жатып, ал Салык кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөрдү белгиледи - ушул жылдын 1-сентябрынан тартып маалымат системаларына салык агенттери статусу берилген.

«Бул айдоочулар үчүн чоң артыкчылык. Мурда такси айдоо кошумча жумуш сыяктуу эсептелчү. Эгерде адам банктан насыя алса, анын кирешеси расмий болуп саналчу эмес. Азыр баары башкача. Эми платформа ар бир жүрүштөн салыкты автоматтык түрдө өзү кармап калат жана которот, системада бул дароо чагылдырылат. Мындай чечим биздин рынокту ачык-айкын жана айдоочулардын ишин коопсуз кылат”, - деп жыйынтыктады Фархат Камчыбеков.

“Жөн гана иштеш керек”

 40 жаштагы Мирлан Салыкеевдин унаа башкаруудагы биринчи смени мындан он жыл мурда башталган. Азыр ал үчүн - такси айдоо кошумча иш эмес, анын негизги жана туруктуу киреше булагы болуп саналат.

«Мен бир нече жылдан бери сервис аркылуу буйрутмаларды кабыл алып жатам. Мага ыңгайлуу: жакшы навигация жана эң башкысы, буйрутмалар тез келет, күтүп олтурбайсың. Киреше канча саат айдаганыңа жараша болот. Орто эсеп менен айына 100 миң сомдон ашык табып, 60-70 миң сом таза киреше алса болот. Болгону, жөн гана иштеш керек», - дейт айдоочу.

 Электрунаасын ал жарым жыл мурда бөлүп төлөө жолу менен сатып алган жана азыр бензин менен жүрүүчү унаага кайра өтүүнү каалабай турганын мойнуна алат. Анын билдирүүсүнө караганда, мында экономдуулук - негизги артыкчылык.

 “Азыр бензин кымбат, 10 литр 700 сом турат, бул болжол менен 90 километрге гана жетет. Мен 500 сомдук заряд алып, күн бою айдап, 200-300 км жол жүрөм. Бул жерде күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү жалгыз артыкчылык эмес. Машине ыңгайлуу, тынч жана андан түтүн же күйүүчү майдын жыты чыкпайт. Трассада жумшак жүрөт жана жолду жакшы кармайт. Ошондой эле ага минималдуу салым талап кылынат. Азырынча мен айдап баштагандан бери жалгыз чыгымым - кышкы дөңгөлөккө кетти”, - дейт Мирлан.

 Электрунааларын кубаттоочу станциялар азыр шаарда көп, ошондуктан кезекке туруш кажет эмес. Ага алыскы аралыкка жол жүрүү дагы көйгөй жаратпайт – буга чейин өзүнүн “элетричкасы” менен Кемин, Чолпон-Ата шаарларына буйрутма менен барып келген.

 “Мен Кеминге улгайган кишини алып алып барып, 120 км жол жүрдүм. Үйүнө жеткенде ал киши ошол жакка түнөп, эс алып кетишимди сунуштады. Мындай боорукер жүргүнчү менен тааныш болуу мага жагымдуу болду. Азыр мындайлар аз– дейт, айдоочу жагымдуу окуялары менен бөлүшүп жатып.

Ушул жылдын август айында Кыргызстанга киргизилген жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилерге лицензия берүү бул айдоочу үчүн жаңылык деле эмес. Ал сегиз жыл бою Россияда жашап, мындай система ал жакта  көптөн бери иштеп жатканын билет. Бул ташуучулар үчүн кызмат көрсөтүү сапатын көзөмөлдөөнү жана ачык-айкындуулукту кепилдейт, саякаттоону коопсуз кылат.

Келечек пландар тууралуу суроо салганда, Мирлан Салыкеев - "талыкпай иштеп, эки балама жакшы тарбия беришим керек”, - деп жакшы ниети менен бөлүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкектеги Исанов көчөсүнүн айрым тилкелери жабылат

Бишкек шаарында Исанов көчөсүндө канализация тармагын куруу иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 30-июндан тартып Исанов көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн 10 күнгө толугу менен жабылат. Аталган тилкедеги иштер аяктагандан кийин курулуш иштери этап-этабы менен улантылып, Исанов көчөсүнүн

КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер

КЫРГЫЗ ТУР 2026 Бишкектеги финалы: сүйүктүү ырчылар, жандуу атмосфера жана BAKAI'дан акысыз билеттер

Кыргызстандагы 2026-жылдын эң ири музыкалык долбоорлорунун бири болгон КЫРГЫЗ ТУРдун финалдык концерти 2026-жылдын 30-июнунда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтөт. Тур Баткенден башталып, Ош, Манас, Талас, Нарын жана Каракол шаарларын кыдырып, жыйынтыктоочу концерт ордо калаада өтөт. Финалдык концертке дагы көп көрүүчү катыша алышы үчүн BAKAI мобилдик тиркемеси аркылуу

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүүнүн квотасы соңуна чыгууда

Мамлекеттик бажы кызматы 2026-жылга карата электромобилдерди бажы алымсыз ташып кирүү квотасы аяктап жаткандыгын маалымдады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, Мамлекеттик бажы кызматынын расмий сайтында калган квотанын санын реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турган онлайн-эсептегич ишке киргизилген. Андагы маалыматтар жеңилдикти колдонуу менен электромобилдерди бажылык тариздөөдөн өткөрүү

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

1-июлдан тарта Бишкектеги Магистраль көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.  Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, чектөө Садырбаев көчөсүнөн Манас айылына чейинки тилкеге киргизилет. Бул тилкеде курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин башталышына байланыштуу жол жабылууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен