Таласта активисттер Жерүйдүн ишмердүүлүгү менен таанышты

Таласта активисттер Жерүйдүн ишмердүүлүгү менен таанышты

Талас облусундагы Жерүй алтын кенинин ишмердүүлүгү менен жергиликтүү автивисттер тактап айтканда «Апрель баатырлары» жана «Талас Эл Ынтымагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү таанышып чыгышты. Бул тууралуу кенди иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясынан билдиришти.

Жергиликтүү активисттер кендин аймагындагы алтын ылгоочу фабриканы, калдыктарды сактоочу жайдын абалын, иштөө тартибин жеринде көрүштү. Мындан тышкары жумушчуларга түзүлгөн шарттар , ашкана жана жатаканалардын абалынан да кабар алышты. Ошондой эле кен боюнча, компаниянын ишмердүүлүгү боюнча суроолорун берип, адистерден жооп алышты.

Кендин ишмерлүүлүгү менен таанышкан Апрель революциясынын баатыры Анарбек Рыскулбеков Жерүй кени Талас облусунун ишенген өндүрүштүк ишканасы экенин белгиледи: “Ай сайын өзгөрүү болуп жатыптыр. Биз ошону байкадык. Мындан эки-үч жыл мурун келгенде мындай жабдуулар жок болчу. Азыр чыгыны заманбап заводго окшоп калыптыр. “Жерүй” деген аты эми жарашыптыр. Сырттан биз туура эмес укканбыз. Компанияны көрдүк. Ачык айкын иштеп жатыптыр. Ийгиликтер боло берсин. Таласыбыз өнүксүн. Чынын айтканда бизде Жерүйдөн башка ишене турган өндүрүшүбүз жок да” -, деди активист.

Комания өндүрүш ишине киришкенден тартып бүгүнкү күндө өлкө казынасына 27 миллярд сомго жакын салык төлөгөн. Талас облусундагы жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна 1,8 миллиярд сом которду.

Жарандык активист, “Талас Эл Ынтымагы” коомдук бирикмесинин төрагасы Серен Шейшенов компаниянын ишмердүүлүгүнө ыраазы болду: “Айрымдар ушул Жерүйдү саясатка айландырып жиберет. Антпеш керек бул өндүрүш. Ал мамелекетке, элге пайда алып келүүдө. Мен баарын телефонго тартып алдым. Каалоочулар болсо көрсөтүп айтып турам. Башка көп алтын казган ишканалар менен салыштыра келгенде бул жерде акыркы технологиялар колдонулуп, рудадан алтын коопсуз жол менен бөлүнүп алынып жатканын көрдүк. Бул биз үчүн жетишкендик”-, деди Шейшенов.

Бүгүнкү күндө Жерүй кенинин аймагында 1500ден ашуун кызматкер эмгектенет. Алардын 80 пайыздайы Талас облусунун тургундары. Жергиликтүү калктын жумуш менен камсыз болгонун жана алардын кендин аймагындагы жашоо шартына активисттер ыраазы болуп, компаниягы ыраазылыгын билдирип кайтышты.

“Альянс Алтын” компаниясы мамлекеттик, коомдук уюмдар жана жергиликтүү эл менен ачык иш алып барууда. Ал үчүн кызыкдар тараптарды мейли алар студент, мугалим же жарандык активист болсун четке какпай кендин аймагына киргизип, ушундай таанышууларды жыл бою уюштуруп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,