Япониялык Stem долбоору Кыргызстандын мектептеринде сыналат
Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, Япон-кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Тарутоко Шинжи жана “Gakken Holdings” билим берүү компаниясынын өкүлү Кэнжи Момота КРнын Агартуу министри Д.Кендирбаева менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө япон тарап “Gakken Holdings” компаниясынын STEM багытында окутуу программасын сунуштады.
Тарутоко Шинжи STEM долбоорун пилоттук түрдө бир мектептен баштап, ийгиликтүү жыйынтык болсо, андан ары кеңейтүү мүмкүндүгүн билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жаатындагы кызматташууну бекемдөө максатында биргелешкен жумушчу топ түзүп, пилоттук долбоорду ишке ашыруу чечимине келишти.