Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке келтирилген зыяны 244 млн 587 миң 870 сомду (2 700 000 евро) түздү. Бул сумма козголгон кылмыш ишинин жана жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында ЖЧК тарабынан толугу менен өндүрүлдү.

Азыркы учурда УКМК Коргоо министрлигинин коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарынын бетин ачууга багытталган бир катар ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Коммерциялык банкка 64 миң 518 сом айып пул салынды

Коммерциялык банкка 64 миң 518 сом айып пул салынды

Улуттук банк тиешелүү талаптарды сактабагандыгы үчүн коммерциялык банкка 64 миң 518 сом өлчөмүндө айып салды. Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, чечим үстүбүздөгү жылдын 13-июлунан 9-августуна чейинки базалык мезгилдин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген милдеттүү камдык талаптарды аткарбагандыгы үчүн салынган. Кыргызстандын

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын районунун аймагындагы 13–38-чакырым аралыгында, Ак-Кыя тилкесинен Куланак ГЭСине чейинки бөлүгүндө жолду асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, аталган тилкеде болжол менен 5 чакырым жаңы жол куруу каралган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, Ак-Талаа районунун аймагындагы 84–115-чакырым аралыгында асфальт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына элди атайын автобустар ташыйт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына элди атайын автобустар ташыйт

31 -августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында “Бишкек Аренага” жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү

Айыл чарба долбоорлору: компанияларга тендерлер боюнча маалымат берилди

Айыл чарба долбоорлору: компанияларга тендерлер боюнча маалымат берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү 30га жакын компаниялар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, катышуучуларга долбоорлор, тендерлерге катышуу тартиби, өтүнмөлөрдү даярдоо жана берүү, зарыл документтердин тизмеси жана эл аралык каржы институттарынын талаптары боюнча түшүндүрмөлөр