18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт
сүрөт "Кабар" МАнан алынды

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат 19:00 болот.

Мелдешке Кыргызстандын, Мексиканын, Люксембургдун, Түштүк Африканын, Ирандын жана Гонконг (Кытай) жаштар курама командалары катышаары маалым болду. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын районунун аймагындагы 13–38-чакырым аралыгында, Ак-Кыя тилкесинен Куланак ГЭСине чейинки бөлүгүндө жолду асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, аталган тилкеде болжол менен 5 чакырым жаңы жол куруу каралган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына ылайык, Ак-Талаа районунун аймагындагы 84–115-чакырым аралыгында асфальт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына элди атайын автобустар ташыйт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына элди атайын автобустар ташыйт

31 -августта, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Бишкек шаарында өтө турган салтанаттуу ачылыш күнүндө көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында “Бишкек Аренага” жеткирүүчү атайын шаттл-автобустар уюштурулат. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, шаттл-автобустар Бишкек шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан атайын аныкталган 21 жерден каттайт. Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору өздөрү

Айыл чарба долбоорлору: компанияларга тендерлер боюнча маалымат берилди

Айыл чарба долбоорлору: компанияларга тендерлер боюнча маалымат берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү 30га жакын компаниялар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, катышуучуларга долбоорлор, тендерлерге катышуу тартиби, өтүнмөлөрдү даярдоо жана берүү, зарыл документтердин тизмеси жана эл аралык каржы институттарынын талаптары боюнча түшүндүрмөлөр

Караколдо дрон учурууга чектөө киргизилди

Караколдо дрон учурууга чектөө киргизилди

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу айрым аймактарда аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Каракол шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, 27-августтан 10-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дрон учурууга чектөө киргизилет. Ошондой эле бул мезгилде тиешелүү уруксаты жок жалпы авиациялык