Караколдо сейил бак курууга 3,8 млн сомдук тендер жарыяланды

Караколдо сейил бак курууга  3,8 млн сомдук тендер жарыяланды

Каракол шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы Каракол дарыясынын жээгине курула турган сейил бактын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул ишке жалпы 3 миллион 855 миң 100 сом бөлүү каралууда. Тендерге катышууга кызыкдар компаниялар өз сунуштарын 14-октябрга чейин тапшыра алышат.

Буга чейин Президенттин басма сөз кызматы Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча ири пландар бар экенин билдирген. Маалым болгондой, пландаштырылып жаткан сейил бактын узундугу 2 чакырым болот жана ал жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бермекчи.

Мындан тышкары окуңуз

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңге чет элдик алып сатарлардын кыска мөөнөттүү инвестицияларынан улам коркунучка кабылды. Бирок жакын арада бул тенденция өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет Reuters. Казакстандыктардын кирешелеринин төмөндөшү кескин мүнөзгө ээ болду. Экономикалык журналист Жон Синдру өткөн жылы кыска мөөнөттүү пайда көздөгөн инвесторлор өнүгүп келе жаткан жана чек ара экономикасына ээ өлкөлөрдүн баалуу

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууларды навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 2026-жылдын 11-февралында башталат. Мындай маалыматты КРнын Мамлекеттик бажы кызматы жарыялады. Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөөнүн пилоттук долбоору ишин баштаган. Ага ылайык, долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өткөрүлөт жана товарлардын бардык түрлөрү үчүн пломбаларды колдонуу

Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 миллиарддан ашык сом түштү

Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 миллиарддан ашык сом түштү

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылы өлкө казынасына 1 млрд 167 млн 399 миң 800 сом түшүрүлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 2024-жылы бул көрсөткүч 398 млн 886 миң сомду, ал эми 2023-жылы 99 млн 200 миң сомду түзгөн. Президенттин коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү тапшырмасына ылайык, транспорт