Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 миллиарддан ашык сом түштү

Транспорттук көзөмөлдөөдөн казынага былтыр 1 миллиарддан ашык сом түштү

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылы өлкө казынасына 1 млрд 167 млн 399 миң 800 сом түшүрүлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

2024-жылы бул көрсөткүч 398 млн 886 миң сомду, ал эми 2023-жылы 99 млн 200 миң сомду түзгөн.

Президенттин коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү тапшырмасына ылайык, транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тез арада өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарда жана мобилдик топтордо иштеген кызматкерлерди боди-камералар менен камсыз кылууну тапшырды.

Натыйжада инспекторлорго бекитилген боди-камералар аркылуу бардык кыймыл аракеттер департамент тарабынан түз көзөмөлдөнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды

Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министр Эрлист Акунбековдун катышуусунда аппараттык жыйын өттү. Анда оруп-жыйноо иштеринин жүрүшү жана Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын 2026-жылдын I жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы каралды.Республика боюнча дан эгиндеринин 31%ы жыйналды. Түшүм жыйноону өз убагында

Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Улуттук банк: өлкөдө нак акчанын көлөмү былтыркыдан 33 млрд сомго өстү

Кыргызстанда жүгүртүүдөгү акчанын жалпы көлөмү 1-июлга карата 317 млрд 26,2 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү акчанын ичинен 31 млрд 20,3 млн сом коммерциялык банктардын кассаларында, ал эми 286 млрд 5,9 млн сом банк тутумунан тышкары колдонууда болгон. Өткөн жылдын ушул

Салык кызматында 11 млрд сомдон ашык салык түшпөй калуу тобокелчилиги жаралган

Салык кызматында 11 млрд сомдон ашык салык түшпөй калуу тобокелчилиги жаралган

Эсептөө палатасы мамлекеттик салык кызматында 2025-жылга карата республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жана кызматтын өз бюджетинин сарпталышына карата шайкештик аудитин аяктады. Текшерүүнүн жыйынтыгы салык башкаруусунда да, мекеменин финансылык тартибинде да олуттуу мүчүлүштүктөр бар экенин көрсөттү. Аудиттин жүрүшүндө салык төлөөчүлөрдүн декларациялары, отчеттору жана эсеп-фактуралары боюнча 11 миллиард 559 миллион

Электросталь шаарындагы жардыруудан эки кыргызстандык жараат алды

Электросталь шаарындагы жардыруудан эки кыргызстандык жараат алды

Россия Федерациясынын Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасында 18-июлунда болгон кырсыкка байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын  Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте кырдаалды көзөмөлгө алып, Россиядагы компетенттүү мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигининмаалыматына ылайык, кырсыктын