Нарын шаары кышында 23 миң тонна көмүр жагат
Нарын шаарында калкты жана социалдык мекемелерди 2025–2026-жылдардын жылытуу мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.
“Жылуулук менен камсыздоо” мекемеси 187 турак жай, 72 бюджеттик мекемени жылуулук менен камсыздоо үчүн 30 казан жана 17 миң 800 метрге жакын жылуулук трассасын даярдады.
Көмүр менен камсыз кылуу максатында 2 муниципалдык көмүр базасы уюштурулуп, Кара-Кече кенинен көмүр тартылып келүүдө. Көмүрдүн тоннасы 6 миң сомдон сатылууда.
Шаарга жалпысынан 23 миң тонна көмүр керектелет. Жүктөө жана жеткирүү иштери мэрдин жеке көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат.