Салык кызматы укук коргоо функциялары боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алды

Салык кызматы укук коргоо функциялары боюнча мыйзам долбоорун кайтарып алды

Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн айрым укук коргоо функциялары тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып алды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

7-октябрда Салык кызматы тарабынан "КР өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин укук коргоо органынын макамына ээ болгон Салык кызматынын органдарынын функцияларын жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МинКабдын токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылган.

Анда салык кызматынын аймактарда салык кылмыштарын иликтөө жана бөгөт коюу боюнча жаңы атайын бөлүмүн түзүү сунушталган. Бул бөлүм укук коргоо органынын макамын алып, салык мыйзамдарын бузгандарга каршы күрөш жүргүзмөк.

Бирок коомчулуктун ар кандай пикирлеринен улам, Мамлекеттик салык кызматы бул долбоорду кайра кайтарып алган. Ошондой эле, салык кызматы ачык сүйлөшүүлөргө жана эл менен диалогго дайыма даяр экенин билдирди.

Бул кадам салык саясатынын ачык жана адилеттүү жүргүзүлүшүнө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

18-24-январда Бишкекте хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионаты өтөт

Бүгүн, 17-январда хоккей боюнча U20 дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Люксембург, Мексика жана Ирандын курама командалары Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, жаш спортчулардын мелдештер 18-24-январь күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүшү күтүлүүдө. Дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылышы эртең 18-январда, саат

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схеманын бети ачылганы калды

КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигиндеги системалуу коррупцияны аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, курал-жарак жеткирүүгө байланыштуу жеткирүүчү фирмалардын (ЖЧК) бири тарабынан өлкөнүн коргоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбоо фактысы аныкталды. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, КРнын Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн натыйжасында Коргоо министрлигинин мамлекетке

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңгенин курсу каалаган учурда кулашы мүмкүн

Казакстанда теңге чет элдик алып сатарлардын кыска мөөнөттүү инвестицияларынан улам коркунучка кабылды. Бирок жакын арада бул тенденция өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирет Reuters. Казакстандыктардын кирешелеринин төмөндөшү кескин мүнөзгө ээ болду. Экономикалык журналист Жон Синдру өткөн жылы кыска мөөнөттүү пайда көздөгөн инвесторлор өнүгүп келе жаткан жана чек ара экономикасына ээ өлкөлөрдүн баалуу

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

2026-жылдын 11-февралында ЕАЭБде навигациялык пломбалар киргизилет

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы жүк ташууларды навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөө 2026-жылдын 11-февралында башталат. Мындай маалыматты КРнын Мамлекеттик бажы кызматы жарыялады. Билдирүүгө караганда, 2025-жылдын 1-декабрынан баштап навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү көзөмөлдөөнүн пилоттук долбоору ишин баштаган. Ага ылайык, долбоор 2025-жылдын 1-декабрынан 2026-жылдын 15-январына чейин өткөрүлөт жана товарлардын бардык түрлөрү үчүн пломбаларды колдонуу