Кыргызстанда балдарга татаал нейрохирургиялык операциялар жасалды

Кыргызстанда балдарга татаал нейрохирургиялык операциялар жасалды

Улуттук госпиталдын базасында мээнин оор кан тамыр ооруларына — аневризма жана артериовеноздук мальформацияга (АВМ) чалдыккан балдарга эндоваскулярдык операциялар ийгиликтүү жасалды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, операцияларды Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын нейрохирургдары биргеликте аткарышкан. Операциялар заманбап ангиографиялык операциялык бөлмөдө, интраоперациялык визуалдаштыруунун жаңы ыкмалары колдонулган шартта өттү.

Ага нейрохирургдар, анестезиолог-реаниматологдор, рентген-лаборанттар жана жандандыруу бөлүмүнүн адистери кирген мультидисциплинардык команда тартылган.

Операцияга чейин балдардын кан тамыр түзүлүшү жана патологиялык өзгөрүүлөрү деталдаштырылган ангиография аркылуу изилденип, ар бир бейтап үчүн дарылоонун эң ылайыктуу ыкмасы тандалып алынган.

Хирургия санариптик ангиография көзөмөлүндө артерия аркылуу жүргүзүлүп, нур жүгүртүү көлөмү азайтылып, инструменттердин так жайгашуусу камсыздалган. Аневризмаларда капты жаап коюу (окклюзия), ал эми АВМде патологиялык түйүндү эмболизациялоо ыкмасы колдонулган.

Контролдук ангиограмма ийгиликтүү жыйынтыкты көрсөттү. Операциядан кийинки абал туруктуу, балдардын неврологиялык көрсөткүчтөрү курактарына ылайык.

Министрлик мындай операциялар балдар нейрохирургиясында чоң жетишкендик болуп, өлкөнүн медициналык мүмкүнчүлүгүн көрсөтөрүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилрин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты. Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды. Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция Банк үчүн бул кабинеттин ачылышы өзгөчө