Чек арада 5,7 млн сомдук мыйзамсыз косметика аныкталды

Чек арада 5,7 млн сомдук мыйзамсыз косметика аныкталды

Салык кызматкерлери ири суммадагы косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунда өлкөнүн аймагына косметикалык каражаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

SETRA маркасындагы автобусту текшерүү учурунда товардык коштомо кагаздары жок ар кандай аталыштагы косметикалык каражаттар табылып, тартып алынган. Алардын болжолдуу суммасы 5 млн 739,6 миң сомду түзөт.

Бул факт боюнча материалдар тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50%га жакындады

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 50%га жакындады

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү боюнча камтуу дээрлик 50 пайызды түзгөнүн Билим берүү министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына караганда, 2024/25-окуу жылында мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана формалары, анын ичинде мектепке даярдоо боюнча балдардын камтылышы 44,3 пайызды түзгөн. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү максат кылынууда. Министрлик

ЕАЭБде ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жаңы талаптар талкууда

ЕАЭБде ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жаңы талаптар талкууда

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) «Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине № 2 өзгөртүүлөр долбоорун коомдук талкууга койду. Документ ЕАЭБдин расмий порталында жайгаштырылган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Долбоор төмөнкү жаңыланмаларга багытталган: * Маркалоо талаптарын тактоо: табигый минералдык, табигый жана иштетилген ичүүчү суулардын маркалоосуна кошумча

Б.Төрөбаев “Таштан” фермердик чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Б.Төрөбаев “Таштан” фермердик чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Москва районунун Петровка айылында жайгашкан “Таштан” фермердик чарбасына барып, чарбанын ишмердүүлүгү жана өндүрүш процесси менен жеринде таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Бул чарба 2025-жылдын 15-майында министрликтин №05/2-17/109 буйругунун негизинде асыл тукум субъектиси катары расмий

Өлкөдө күрөө коюлган кыймылсыз мүлк рыногу 175 млрд сомдон ашты

Өлкөдө күрөө коюлган кыймылсыз мүлк рыногу 175 млрд сомдон ашты

2025-жылдын III кварталында Кыргызстанда күрөө коюлган кыймылсыз мүлк рыногундагы активдүүлүк уланып, жалпы 21 миң 261 күрөө келишими катталып, алардын суммасы 175,1 млрд сомду түзгөнүн economist.kg сайты Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин маалыматына шилтеме кылуу менен жазды. Анын ичинен 12 миңден ашык келишим (35,6 млрд сом) нотариалдык күбөлөндүрүүсүз ишке