Кыргызстан менен Грузия шаар курууну санариптештирүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Грузия шаар курууну санариптештирүү боюнча кызматташат

Бүгүн Бишкек шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Бактыяр Станбеков башында турган делегация Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүгүү министринин орун басары Нино Енукидзе, ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын Грузиядагы өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтердин негизги иш багыттары айтылып, аймактык пландоо, архитектура-курулуш тармагына санариптик картографиялык база түзүү боюнча кызматташуу жана өз ара жардам берүү багыттары аныкталды. 

Тараптар шаар куруу тармагын санариптештирүү боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу боюнча өз ара тажрыйба алмашуу жана кызматташууну макулдашты.

Мындан тышкары окуңуз

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди. Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында бир катар документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

“Росатом жаңылануучу энергия” ААКнын башкы директору Григорий Назаров “Росатом” Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) 2026-жылы куруууну пландап жатканын билдирди.  “Биз ноябрь айында станцияны туташтыруу боюнча техникалык шартты алдык, бул бизге объектти деталдуу долбоорлоого киришүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жалпы пландаштыруу, аянтча, туташтыруу схемалары аныкталды. Биз так параметрлерди

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин  жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3%) чейин өсүшүн өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди. "2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда