Өлкө боюнча күзгү сугаруу иштери активдүү жүрүп жатат

Өлкө боюнча күзгү ным топтоо сугатында 87,3 гектар жер сугарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан республика боюнча 220 миң гектар жерге күзгү ным топтоо сугаты пландалган.
14-октябрга карата күзгү ным топтоо сугатында 87,3 гектар жер сугарылды. Бул сугат ыкмасы өсүмдүктөрдүн вегетация мезгилинин башында көп өлчөмдө суу алууну камсыз кылып, өсүшүн жана өнүгүүсүн жакшыртууга багытталган.
Мындай сугаруу айрыкча кургакчылык же жаан-чачын аз болгон мезгилде тамырдын өсүшү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө жардам берет. Өсүмдүктөрдүн стресске туруктуулугун жогорулатат, тез-тез сугарууга болгон муктаждыкты азайтат жана топурактын түзүлүшүн жакшыртат. Нымдуу сугаруу жашылча өсүмдүктөрү, жемиш бактары жана көп жылдык өсүмдүктөр үчүн өзгөчө пайдалуу.