Сузактагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Сузактагы 225 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында 225 орунга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу кызуу уланып жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 595 чарчы метрди түзөт. Долбоордо окуучулар менен мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралган.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүрүп, подрядчы катары “Адис строй” ЖЧКсы иш алып барууда.

Мектептин курулушу 2025-жылдын аягында бүткөрүлөт деп пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл асыл тукум мал багууга 2 млрд сом насыя 3% менен берилет

Быйыл “Асыл тукум” программасынын алкагында асыл тукум мал багууга 2 млрд сомдун тегерегинде насыя 3%дык чен менен берилрин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө асыл тукум мал чарбасы статусун алган 180ден ашык чарба

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

Кыргызстанда былтыр үй канаттуулары 8,6 миллионго жетти

2025-жылы Кыргызстанда үй канаттууларынын саны 8,6 миллионго жеткенин  Улуттук статистика комитети билдирди. 2025-жылдын аягында: * Ири мүйүздүү мал — 1 млн 859 миң баш (өсүш 1,7%), анын ичинде уйлар — 934 миң 881 баш (өсүш 1,8%). * Кой жана эчки — 6 млн 331,6 миң баш (өсүш 0,8%). Анын 71%

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ошто бир суткада 3 вице-мэр иштен кетти

Ош шаарынын мэринин үч орун басары кызматтан кеткенин муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэринин төмөнкү орун басарлары өздөрүнүн арызына ылайык, ээлеген кызматтарынан бошотулду: * Адилет Шаршеналы уулу — мэрдин биринчи орун басары; * Мирлан Казыбай уулу — мэрдин орун басары; * Сонунбек Жунусбаев — мэрдин орун басары.

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Бишкек финансы-экономикалык техникумунда заманбап окуу кабинетин ачты

BAKAI Абдыкерим Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда жаңыланган окуу кабинетин ачты. Долбоор билим берүүнү жана банк тармагы үчүн келечектеги адистерди даярдоону системалуу колдоонун алкагында ишке ашты. Кабинет толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техника менен жабдылып, BAKAIдын фирмалык стилинде жасалгаланды. Кадрларга жана тармактын келечегине инвестиция Банк үчүн бул кабинеттин ачылышы өзгөчө