Ош – Бишкек жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Ош – Бишкек жолунун боюндагы мыйзамсыз курулуштар алынууда

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Ош–Бишкек унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз салынган имараттар буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Масы айылындагы трассанын кызыл сызыгына кирип кеткен ондон ашык курулуш объектиси мыйзамга ылайык алынууда.

Буга чейин жер ээлерине эскертүүлөр берилген жана жер тилкесин калыбына келтирүү талабы коюлган, бирок талаптар аткарылбагандыктан, бузуу иштери күч органдарынын катышуусунда жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган

2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал эми Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4%га) белгиленди. 2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 %) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 %га), азык-түлүк эмес

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

БА жана Индия коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу болду

КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы алдында Борбор Азия жана Индия форматындагы коопсуздук кеңештеринин катчыларынын / улуттук коопсуздук боюнча кеңешчинин үчүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында маалымдалды. Бул көп тараптуу формат тынчтыктын жана туруктуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында кеңири аймактык өз ара аракеттенүүнүн уландысы болуп саналат, ошондой эле коопсуздуктун

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери  айыпка жыгылды

Мыйзамсыз токтомдорду чыгарган бажы кызматкери айыпка жыгылды

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн натыйжасында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом айып салуу тууралуу 19 токтом чыгарылганы аныкталды. Бирок

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

79,20 млн сом жеңилдетилген кредит каржыланды

Майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы тескемеси менен “Бириккен товар өндүрүүчүлөрүн каржылоо” долбоору бекитилген. Финансы министрлигинен кабарлашкандай, аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору