Бишкек жана Ош мэриялары шаарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда

Бишкек жана Ош мэриялары шаарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Илияс Колопов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Масуда Айдарбекова, ошондой эле эки тараптан шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу "АРАКЕТ – Кыргызстандагы конуштарда жашоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында өткөрүлүп, шаарды өнүктүрүүнү башкаруу боюнча практикалык тажрыйба алмашууга багытталган.

Тараптар турак жай-коммуналдык чарбаны жакшыртуу, шаардык кызматтарды санариптештирүү, муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу, инфраструктураны модернизациялоо жана экологиялык чечимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Учурда Ош мэриясынын өкүлдөрү борбор калаанын алдыңкы шаардык кызматтарынын иши менен таанышууда, анын ичинде:

  • «Бишкекжылуулукэнерго»,
  • «Бишкексууканал»,
  • «Тазалык»,
  • Муниципалдык инспекция,
  • Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти,
  • Санарип технологиялар борбору жана башка бөлүмдөр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана өнүктүрүүгө даяр экенин белгилешти. Алар мындай демилгелер адистердин кесиптик өнүгүшүнө, шаардык чөйрөнүн сапатынын жогорулашына жана калктын жашоо деңгээлинин жакшырышына өбөлгө болорун баса белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдерин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолукканда билдирди. Министрлик маалымдагандай, жолугушууда Таалайбек Ибраев тармактагы жаңылануулардын натыйжасында өткөн кыш мүчүлүштүксүз өткөнүн айтты. Ал Дүйнөлүк банкка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди. Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады. Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын,