Бишкекте Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча жыйын өттү

Бишкекте БУУнун Биргелешкен программасынын жыйынтыктоочу жыйыны жана Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) локалдаштыруу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чара маалымдуулукту жогорулатууга жана жергиликтүү кызыкдар тараптардын потенциалын арттырууга багытталган. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Семинарга мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, БУУнун өкүлү Мунаввар Алам жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты. Иш-чара глобалдык максаттарды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу жана башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу багытында маанилүү кадам болду.
Семинарда ТӨМ жана Ыктыярдуу жергиликтүү сереп (VLR) жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, өкмөт, коом жана өнөктөштөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, ошондой эле пилоттук долбоорлор үчүн аймактарды аныктоо маселелери каралды.
Бишкек 2030-жылга чейинки күн тартиби алкагында туруктуу жана инклюзивдик келечекке багыт алууну улантууда.



