Коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө эрежелери өзгөрдү

Коомдук тамактануу жайларындагы тейлөө эрежелери өзгөрдү

Министрлер Кабинетинин токтому менен коомдук тамактануу жайларынын ишин жөнгө салууга өзгөртүүлөр киргизилди, алар 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин эсепке өзүнчө сап менен көрсөтүлүп жүргөн милдеттүү тейлөө акысын (көбүнчө 5–15%) алууга тыюу салынат. Мындай жыйымдар тамак-аштын жана суусундуктардын көрсөтүлгөн баасынан үстүнө кошулбашы керек.

Эми тейлөөнүн толук баасы менюдагы тамак-аштын жана суусундуктардын баасына кошулушу керек. Керектөөчү заказ бергенге чейин акыркы бааны көрүшү керек. Кызмат көрсөтүүнүн баасы тууралуу маалымат ачык-айкын жана жеткиликтүү болушу керек. Коноктор өз каалоосу менен кызматкерлерге чай пул бере алышат.

Өзгөртүүлөрдүн максаты — баанын ачыктыгын камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана салыктык көзөмөлдү жөнөкөйлөтүү.

Кафе жана ресторан ээлерине сунуштар: меню жана бааларды кайра карап чыгуу, кызматкерлерди жаңы системаны түшүндүрүүгө үйрөтүү, баалардын чекке дал келүүсүн камсыздоо.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдерин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолукканда билдирди. Министрлик маалымдагандай, жолугушууда Таалайбек Ибраев тармактагы жаңылануулардын натыйжасында өткөн кыш мүчүлүштүксүз өткөнүн айтты. Ал Дүйнөлүк банкка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди. Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады. Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын,