Кыргызстанда 3,2 млн долларлык ковролин чыгаруучу ишкана курулат

Кыргызстанда 3,2 млн долларлык ковролин чыгаруучу ишкана курулат

Азербайжан–Кыргыз өнүгүү фонду менен «Орион Гранд» ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Келишимге ылайык, өлкөдө ковролин өндүрүүчү заманбап ишкана курулат. Бул долбоор Кыргызстанда ковролин өндүрүү боюнча биринчи болуп саналат, анткени буга чейин ковролин толугу менен чет өлкөдөн алынып келген.

Долбоордун жалпы суммасы 3,2 млн долларды түзөт, анын 1 млн доллары Азербайжан–Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан каржыланат. Өндүрүш жергиликтүү рынокко жана экспортко багытталат, бул жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын күчөтүүгө өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери,

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбор Азиянын энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун бекемдейт – Хью Ридделл

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын энергетикалык келечегине, азык-түлүк коопсуздугуна болгон ишенимин бекемдерин Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл энергетика министри Таалайбек Ибраев менен жолукканда билдирди. Министрлик маалымдагандай, жолугушууда Таалайбек Ибраев тармактагы жаңылануулардын натыйжасында өткөн кыш мүчүлүштүксүз өткөнүн айтты. Ал Дүйнөлүк банкка колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип,

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ошто Ак-Буура дарыясынын нугу тазалана баштады

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталганын шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди. Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи. "Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы улуттук валютасынын дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат

Англия банкы британ фунт стерлингинин банкнотторунун дизайнын өзгөртүүнү пландап жатат. Жаңы дизайнга ылайык, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн ордуна Улуу Британиянын жапайы жаратылышын чагылдырган жаныбарлардын сүрөттөрү жайгаштырылышы мүмкүн экенин Bloomberg маалымдады. Пландалган өзгөрүүлөргө ылайык, фунт стерлингдин жаңы сериясында кирпи же борсук сыяктуу жаныбарлар сүрөттөлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда банкноттордон белгилүү британ инсандарынын,