Чүйдө 21 миң тоннадан ашык кант кызылчасы жыйналды

Чүй районунда быйыл 1 559 гектар жерге кант кызылчасы себилген. Учурда аймакта кызылча жыйноо иштери кызуу жүрүп, бүгүнкү күнгө карата 600 гектардан 21 600 тонна түшүм алынганы белгилүү болду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, орточо түшүмдүүлүк 1 гектардан 360 центнерди түзүүдө. Фермерлер жана айыл чарба кызматтары түшүмдү сапаттуу жана жоготуусуз жыйноого өзгөчө көңүл буруп жатышат.
"Быйылкы жылы райондо кант кызылчасынын түшүмү өткөн жылдарга салыштырмалуу жогору болору күтүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.