Кара-Сууда сүттөн жана мөмө-жемиштерден улуттук суусундуктар өндүрүлүүдө

Кара-Сууда сүттөн жана мөмө-жемиштерден улуттук суусундуктар өндүрүлүүдө

Кара-Суу районунун Социализм айылында жайгашкан «Ала-Тоо Амир» ишканасы табигый сүттөн жана түштүк аймактардан чогултулган мөмө-жемиштерден даярдалган улуттук жана муздак суусундуктарды чыгарат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, өндүрүш процесси, продукциянын сапаты жана келечек пландары менен таанышты.

Ишканада кычкыл сүт азыктарын жана табигый чийки заттан даярдалган башка азыктарды өндүрүү үчүн эки цех иштейт. Компания жылына 3000 тоннадан ашуун сүттү кайра иштетет жана продукция Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы дүкөндөрдө, ошондой эле ири гипермаркеттерде жана супермаркеттерде сатылат.

Учурда ишканада 50дөн ашуун кызматкер эмгектенет, сезондук жумушчулар менен саны эки эсе көбөйөт. Өндүрүштүк базаны кеңейтүү максатында компания Мады айыл аймагында жаңы заманбап завод курууну пландап жатат. Жаңы завод тамак-аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарына жооп берген сүттү кайра иштетүү линиясына ээ болуп, продукциянын түрүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо Амир» компаниясы келечекте продукциясын республиканын бардык аймактарына жеткирүүнү пландоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

Тоо-кен тармагынан 5 жылда бюджетке 217,9 млрд сом түшкөн

2021-2025-жылдар аралыгында тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 миллиард сомдон ашык салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр түшкөн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тоо-кен тармагы өлкө экономикасында системаны түзүүчү негизги тармактардын бири бойдон калууда. 2025-жылдын 12 айында гана бул тармактан түшкөн каражат 65 миллиард сомго

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагында 200 миңге чейин кызматкер бар- Салык кызматы

Кыргызстандын тигүү тармагындагы негизги көйгөйлөрдүн бири көмүскө иш алып баруу, анын ичинде кызматкерлердин чыныгы санын жашыруу экенин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун эфиринде билдирди. "Россия да көзөмөлдү күчөттү жана негизинен, бардык салыктар мыйзамга ылайык төлөнүшү керек деген талап киргизди. Эми импортто кошумча нарк салыгын (КНС)

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Бүгүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан ОрунтаевБишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты. Министр өз сөзүндө билим берүү инфраструктурасын

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор